Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 15-майы № 67

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1004-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин.

18-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 23-пункт менен толукталсын:

«23) Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу жөнүндө мыйзамдарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына таандык кылынган кен байлыктарын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.».

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А. Атамбаев