Документке
Мурунку17.05.2014

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 17-майы № 70

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына

толуктоолорду киргизүү жөнүндө

1-берене.

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9, 409-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

«жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) же алардын жакын туугандары саясий мамлекеттик, саясий муниципалдык кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын, ошондой эле прокуратура органдарында жана башка укук коргоо органдарында кызмат орундарын ээлеген аффилирленген жак болуп саналышса.”.

2. 5-статья төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:

“11. Уюштуруучулары же катышуучулары саясий мамлекеттик, саясий муниципалдык кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын, ошондой эле прокуратура органдарында жана башка укук коргоо органдарында кызмат орундарын ээлеген жактар же алардын жакын туугандары болуп саналган жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) мамлекеттик каражаттардын эсебинен каржылануучу тендерге катышууга тыюу салынат. Бул ченемди бузган учурда жөнөтүүчү (подрядчы) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчиликке тартылат, ал эми сатып алуу жол-жобосу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча токтотулат.”.

3. 8-статьянын 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

“ушул Мыйзамдын 4-статьясында каралган.”.

2-берене.

“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2764-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

14-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

“3. Уюштуруучулары же катышуучулары саясий мамлекеттик, саясий муниципалдык кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын, ошондой эле прокуратура органдарында жана башка укук коргоо органдарында кызмат орундарын ээлеген жактар же алардын жакын туугандары болуп саналган компанияларга республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу тендерлерге катышууга тыюу салынат.”.

3-берене.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

413-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

“Уюштуруучулары же катышуучулары саясий мамлекеттик, саясий муниципалдык кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын, ошондой эле прокуратура органдарында жана башка укук коргоо органдарында кызмат орундарын ээлеген жактар же алардын жакын туугандары болуп саналган жөнөтүүчүлөрдүн мамлекеттик каражаттардын эсебинен өткөрүлүүчү тендерлерге катышуусу, -

юридикалык жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бир миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.”.

4-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

А. Атамбаев

Жаңы03.04.2015

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 17-майы № 70

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына

толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1-берене.

(КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 Мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)