Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 19-майы № 69
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., №2 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 315-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«315-статья. Талаптагыдай эмес жана билип туруп жалган жарнама
Жарнама берүүчү тарабынан талаптагыдай эмес жарнаманы же керектөөчүнү жолдон чыгарган, товарларды өндүрүү же болбосо сатуу жөнүндө же кызматтарды көрсөтүү жөнүндө чындыкка ылайык келбеген маалыматтар камтылган жарнаманы, билип туруп жалган маалымат жайылтуу, ошондой эле милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш болгон, бирок тиешелүү сертификаты болбогон продукцияны жарнамалоо, -
эсептешүү көрсөткүчүнүн он бештен жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, массалык маалымат каражаттары тарабынан ушундай иш менен алектенүү укугуна лицензияларды талап кылбастан дартты аныктоонун жаңы жана натыйжалуу усулдарына жана дарылоонун жогорку натыйжаларын жарнамалоого табыштамаларды кабыл алуунун эрежелерин бузуу,-
эсептешүү көрсөткүчүнүн он бештен жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Жарнама берүүчү тарабынан тиешелүү лицензиясы же уруксаты жок иштин түрлөрүн жүзөгө ашырууга жарнакка, ошондой эле мүмкүн болуучу курмандыктарды адамдарды сатууга, сексуалдык мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүүгө, анын ичинде психологиялык жардамдын, ымала түзүүнүн, релаксациянын, укалоонун түрү астында, мыйзамдуу иштин түрү астында жагымдуу убакыт өткөрүүнүн, андан ары сексуалдык мамилелерге кирүү максатында таанышууга тартууга багытталган жарнакка табыштамаларды массалык маалымат каражаттарында берүү,-
жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн он бештен жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүзгө чейинки, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Эскертүү: Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган учурларда, анда чындыкка ылайык келбеген маалыматтар болгон, мүмкүн болуучу курмандыктарды адамдарды сатууга, сексуалдык мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүүгө, анын ичинде психологиялык жардамдын, ымала түзүүнүн, релаксациянын, укалоонун түрү астында, мыйзамдуу иштин түрү астында жагымдуу убакыт өткөрүүнүн, андан ары сексуалдык мамилелерге кирүү максатында таанышууга тартууга багытталган маалыматтар жарнаманы керектөөчүлөрдү адаштырууга алып келген кызматтар деп таанылат.
2. 508-статьянын 1-бөлүгүндө «308» деген сан «308-статьясында, 315-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө» деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 534-статьянын 1-бөлүгүндө «309-326-1» деген цифралар «309-314-статьяларында, 315-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 316-326-1-статьяларында» деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 556-1-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацында «231-1» деген цифрадан кийин «, 315-статьянын үчүнчү бөлүгү» деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
«Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» газетасы, 1992-жылдын 4-августу, № 99) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча расмий тилдеги ар түрдүү жөндөмө формаларындагы «Республика Кыргызстан» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Кыргызская Республика» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. III глава төмөнкүдөй мазмундагы 181-статья менен толукталсын:
«181-статья. Жарнаманы жайгаштыруу (таратуу)
Жарнаманы массалык маалымат каражаттарында жайгаштыруу (таратуу) жарнама жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.».
3. 23-статьянын «е» пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«е) баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, адам органдарын жана (же) ткандарын, порнографиялык материалдарды, басма сөз басылмаларын, сүрөттөлүштөрдү же порнографиялык мүнөздөгү башка буюмдарды; мүмкүн болуучу курмандыктарды адамдарды сатууга, сексуалдык мүнөздөгү кызматтарга, анын ичинде психологиялык жардамдын, ымала түзүүнүн, релаксациянын, укалоонун түрү астында, мыйзамдуу иштин түрү астында жагымдуу убакыт өткөрүүнүн, андан ары сексуалдык мамилелерге кирүү максатында таанышууга тартууга багытталган маалыматты пропагандалоо;».
3-берене.
«Жарнак жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., №4, 195-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 1-берененин 5-бөлүгү «жеке жактардын» деген сөздөрдөн мурда «ушул Мыйзамда каралган чектөөлөрдү кошпогондо» деген сөздөр менен толукталсын.
2. 16-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
«9. Төмөнкүлөрдүн жарнагына жол берилбейт:
эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын прекурсорлорун;
адам органдарын жана (же) ткандарын сунуштоолорго;
порнографиялык материалдарды, басма сөз басылмаларын, сүрөттөлүштөрдү жана порнографиялык мүнөздөгү башка буюмдарды;
мүмкүн болуучу курмандыктарды адамдарды сатууга, сексуалдык мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүүгө, анын ичинде психологиялык жардамдын, ымала түзүүнүн, релаксациянын, укалоонун түрү астында, мыйзамдуу иштин түрү астында жагымдуу убакыт өткөрүүнүн, андан ары сексуалдык мамилелерге кирүү максатында таанышууга; коомго каршы жүрүм-турумга тартууга багытталгандарга.».
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 19-майы № 69
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексинин, КР 2025-жылдын 6-августундагы N 188 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
(КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготту)
2-берене.
(КР 2025-жылдын 6-августундагы N 188 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)