Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 17-майы № 71

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., №8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 

2211-беренеде:

 

1. 3-бөлүгүнүн 1-пунктундагы “алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды” деген сөздөр “алтын эритмесин жана/же аффинаждалган алтынды” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2. 4-бөлүгүнүн биринчи сабынын экинчи графасындагы “1201ден 1300гө чейин” деген сөздөр “1300гө чейин” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Атамбаев