Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 27-майы № 79
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
7-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын камсыз кылуу менен байланышкан учурларда (жугуштуу оорулардын жана жапырт жугуштуу эмес оорулардын (уулануу) болуу коркунучу же пайда болушу жана таралышы, техногендик мүнөздөгү авариялар) текшерүүлөр капыстык мүнөздө болушу мүмкүн жана калктын саламаттыгынын абалына жол берилбес таасирдин себептерин жана булактарын табуу жана алардын алдын алуу жана четтетүү боюнча чараларды көрүү максатында жазуу жүзүндөгү багыттамасыз (билдирмесиз) жүргүзүлүшү мүмкүн.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам жарыялангандан кийин үч айдын ичинде өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
А.Атамбаев |