Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 28-майы № 80
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
163-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-2-бөлүк менен толукталсын:
"(3-2) Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү, судьялар, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) тарабынан жасалган кылмыштар жөнүндө жазык иштери боюнча тергөө тергөөнүн караштуулугуна карабастан прокуратура органдары тарабынан гана жүргүзүлөт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |