Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 11-октябрындагы № 122 Конституциялык мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 24-майы № 75
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
(КР 2021-жылдын 11-октябрындагы № 122 Конституциялык мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 6, 2396-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
25-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун алдында чечимдерди кабыл алуунун жана аларды ишке ашыруунун жол-жоболорунун ачык-айкындуулугун арттыруу боюнча мамлекеттик органдын жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсүнүн максатында коомдук кеңештер түзүлүшү мүмкүн. Коомдук кеңештин курамына коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрөлөрдүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык бирликтердин, мамлекеттик органдын ишине аралашкан чөйрөлөрдүн эксперттик жамааттарынын өкүлдөрү кирет.”.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Ш. Атамбаев |