Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 30-майы № 83

Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 502-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 12-статьянын 7-бөлүгүндө "мамлекеттик кызматчылардын андан жогорку квалификациялык даражасына, класстык чендерине, атайын же аскердик наамдарына" деген сөздөр "андан жогорку атайын же аскердик наамга" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 18-статьянын 3-бөлүгүндө ", ал эми катардагы курамдын жана кенже башкаруучу курамдын айрым кызматтарына дайындоо жана бошотуу бажы органдарынын жетекчилери тарабынан ишке ашырылат" деген сөздөр алып салынсын.

3. 34-статьянын 1-бөлүгүндө жана 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "эмгек жөнүндө" деген сөздөр алып салынсын.

4. 35-статьянын 2-бөлүгүндө "Эмгек кодексине" деген сөздөр "мыйзамдарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. 48-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 13-15-пункттар менен толукталсын:

"13) эгерде бул документтер же маалыматтар бажы органдарына кызматка кирүүсүнө тоскоол болуучу негиз болуп саналса, бажы органдарына кызматка кирүүдө кызматкердин жасалма документтерди же билип туруп жалган маалыматтарды берүүсү;

14) эгерде анын тартиптик жаза марасы болсо. кызматкердин кызматтык милдеттерди жүйөлүү себептерсиз бир нече жолу аткарбоосу;

15) мамлекеттик кызмат жөнүндө жана коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө мыйзамдарда белгиленген учурларда.".

2-берене.

(КР 2019-жылдын 25-июлундагы № 102 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

      Президенти

 

А.Атамбаев