Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 31-майы № 84
2012-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешинин Катчылыгынын каржылык эрежелери боюнча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2012-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешинин Катчылыгынын каржылык эрежелери боюнча макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Түрк тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешинин Катчылыгына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жолжоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Ш. Атамбаев |