Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 18-июну № 90
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эсептик көрсөткүчтөрдүн үч миңден беш миңге чейинки өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат";
3-бөлүгүнүн биринчи абзацында "адамды азгырып тартуу менен" деген сөздөр "адамга карата" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-бөлүгүнүн биринчи абзацында "адамды азгырып тартуу менен" деген сөздөр "адамга карата" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Ш. Атамбаев |