Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 138 конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 26-июну № 94
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 605-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 15-беренеде:
6-бөлүгүндө "Судьяларды тандоо кеңеши конкурстук тандоонун жыйынтыктары боюнча он күндүк мөөнөттө" деген сөздөр "жана конкурстук тандоонун жыйынтыктары боюнча Судьяларды тандоо боюнча кеңеш он жумушчу күндүн ичинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-1. Талапкерлерде Жогорку соттун жана Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерди шайлоого жолтоо болуучу жагдайлар болбогон учурда, Президент аларды он жумушчу күндүн ичинде Жогорку Кеңешке көрсөтөт.
Президент Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордуна көрсөтүлгөн талапкер боюнча материалдарды Судьяларды тандоо боюнча кеңешке өзүнүн чечимин жүйөөлөштүрүү менен кайтарып берүүгө укуктуу.
Эгерде Судьяларды тандоо боюнча кеңеш он жумушчу күндүн ичинде Жогорку-соттун жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерди шайлоого жолтоо болуучу жагдайларды белгилебесе. Судьяларды тандоо боюнча кеңеш Президентке ушул эле талапкер боюнча сунушту кайталап киргизет.
Жогорку соттун жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордуна мурда сунушталган талапкерди Президентке кайталап киргизүү жөнүндө чечим Судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Президент Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан кайрадан көрсөтүлгөн талапкерди Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын кызмат ордуна дайындоого жолтоо болуучу жагдайлар болбогон мурда киргизилген талапкерлер менен бирге, Судьяларды тандоо боюнча кеңештен кайрадан сунуш келип түшкөн күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде Жогорку Кеңешке көрсөтөт.
Судьяларды тандоо боюнча кеңеш Президент тарабынан баяндалган жагдайлар менен макул болгон учурда, Судьяларды тандоо боюнча кеңеш он жумушчу күндүн ичинде талапкерлердин тийиштүү тизмесинен кезектүүлүк тартибинде жаңы талапкерди алган баллына жараша сунуштайт.
Судьяларды тандоо боюнча кеңештин кайталанган сунуштары көрсөтүлгөн кызмат ордуна талапкерлердин түзүлгөн тизмеси толук пайдаланылганга чейин киргизилет. Талапкерлердин түзүлгөн тизмеси толук пайдаланылган учурда, Судьяларды тандоо боюнча кеңеш калган бош орундарга жаңы конкурстук тандоо жарыялайт.".
7-бөлүгүнүн биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
8-бөлүгүнүн биринчи абзацында "жаңы конкурстук тандоонун жыйынтыктары боюнча" деген сөздөр "көрсөтүлгөн кызмат ордуна талапкерлердин тизмесинен" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 21-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21-берене. Конкурстук тандоо
1. Конкурстук тандоо - бул Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат орундарына көрсөтүү үчүн инсандыгына, квалификациясына жана жүрүм-турумуна тийиштүү талаптарга жооп берген, юридикалык билиминин деңгээли жогорку адамдарды айкындоо максатында көз карандысыз коллегиялык орган - Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан жүзөгө ашырылуучу процесс.
Конкурстук тандоого төмөнкүлөргө жол берилет:
1) иштеп жаткан судьялар;
2) конкурска катышууга берген арызынын жана адамды судьянын кызмат ордунан бошотуунун же болбосо судьянын ыйгарым укуктарын токтотуунун ортосундагы тыныгуу мөөнөтү он жылдан ашпаган судьялык иш стажы бар адамдар;
3) экзамен берүүнүн натыйжасында сертификат алган адамдар.
2. Конкурстук тандоого киргизүүдө Судьяларды тандоо боюнча кеңеш төмөнкүлөрдү иликтейт:
1) талапкерлердин документтерин жана алардын мыйзамдын талаптарына ылайык келишин;
2) талапкердин, анын жубайынын, жакын туугандарынын кирешелери жөнүндө декларацияларын;
3) талапкердин жүрүм-турумунун кынтыксыздыгын тастыктоочу башка маалыматтарды (талапкерге карата пикирлерди, сунуштамаларды).
Судьяларды тандоо боюнча кеңеш судьянын бош кызмат ордуна талапкерлигин көрсөтүп жаткан талапкердин, анын жубайынын, жакын туугандарынын кирешелери жөнүндө декларациясын суратып алууга милдеттүү.
Судьяларды тандоо боюнча кеңеш документтерди иликтөөнүн натыйжалары боюнча талапкерди конкурстук тандоого киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат. Талапкерди конкурска киргизүү жөнүндө чечим Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан ачык добуш берүү менен, Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.
3. Конкурстук тандоо үч турда өткөрүлөт.
Биринчи турда талапкерлер Кыргыз Республикасынын укук тармактары боюнча суроолорго жооп берүүлөрү тийиш.
Экинчи турда талапкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негизделген, берилген укуктук темада дилбаян жазуулары жана аны оозеки баяндоолору тийиш.
Үчүнчү турда талапкерлердин кесипкөйлүк маанилүү сапаттарын аныктоо үчүн алар башка суроолорго жоон берүүлөрү тийиш.
Биринчи турдагы суроолорго берилген жоопторду, экинчи турдагы дилбаянды оозеки баяндоону угуудан кийин жана үчүнчү турдагы суроолорго жооптордун жыйынтыктары боюнча Судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрү ар бир талапкерге балл (баа) коюшат.
Укук тармагы, укуктук темалар боюнча суроолор жана башка суроолор Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан жыл сайын бекитилет жана Судьяларды тандоо боюнча кеңештин расмий сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
Судьяларды тандоо боюнча кеңеш жыл сайын конкурстук тандоодон өтүү үчүн өтүү баллын бекитет.
Конкурстук тандоонун үч туру өткөрүлгөндөн кийин, өтүү баллын алган талапкерлер конкурстук тандоодон өттү деп эсептелет.
Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан сунушталган талапкерлердин тизмеси Президентке сунуштоо же дайындоо үчүн конкурстук тандоодон өтүүдө алган баллына жараша азаюу ирети боюнча түзүлөт.
Өтүү баллын албаган талапкерлер Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан алардын талапкерлиги четке кагылган күндөн тартып бир жылдан кийин судьялардын бош кызмат орундарына башка конкурстук тандоолорго катышууга укуктуу.
4. Конкурстун үч турунун жыйынтыгы боюнча баллдын эң көп санын алган талапкерлер Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан бош орундарга барабар санда көрсөтүү же дайындоо үчүн Президентке сунушталат.
Конкурстук тандоодон өткөн, бирок Президентке сунушталбаган талапкерлер талапкерлердин тизмесинде калтырылат.
Тиешелүү тизмеден талапкерлерди көрсөтүү алган баллынын санына жараша, ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте кезектүүлүк тартибинде жүргүзүлөт. Талапкерлер аларды Судьяларды тандоо боюнча кеңеш Президентке көрсөткөнүнө жараша талапкерлердин тизмесинен чыгарылат.
Талапкерлердин тизмеси мурда сунушталган бардык талапкерлер дайындалган же шайланган, судьялардын бош кызмат орундары ээленген же болбосо көрсөтүлгөн кызмат ордуна талапкерлердин түзүлгөн тизмеси толук пайдаланылган учурларда таратылып жиберилет.
5. Конкурстук тандоонун бардык материалдары талапкердин өздүк делосуна тиркелет. Конкурска катышкан талапкерлердин өздүк делолору кайтарылып берилбейт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда сакталат.".
3. 22-беренеде:
2-бөлүгүндө:
экинчи абзацында:
- биринчи сүйлөмү "он" деген сөздөн кийин "жумушчу" деген сөз менен толукталсын;
- экинчи сүйлөмү алып салынсын;
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Бул учурда Судьяларды тандоо боюнча кеңеш он жумушчу күндүн ичинде алган баллына жараша талапкерлердин тизмесинен жаңы талапкерди кезектүүлүк тартибинде сунуштайт.
Судьяларды тандоо боюнча кеңештин кайта сунуштары көрсөтүлгөн кызмат ордуна талапкерлердин түзүлгөн тизмеси толук пайдаланылганга чейин киргизилет. Талапкерлердин түзүлгөн тизмеси толук пайдаланылган учурда Судьяларды тандоо боюнча кеңеш жаңы конкурс өткөрөт.".
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесинин 2-бөлүгү күчүнө киргенге чейин квалификациялык экзамен берүүнүн натыйжалары боюнча берилүүчү сертификаттын колдонуу мөөнөтү 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүн ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүп жаткан судьяларды тандоо аяктаганга чейин узартылары жана сертификаты бар, жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлер тесттен өтпөстөн конкурска киргизилээри белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Ш. Атамбаев |