Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 26-июну № 96
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 584-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"Ушул Кодекстин 57-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 65-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 66, 66-9, 120, 132-139, 148, 179, 182, 184, 191-статьяларында, 220-статьясынын экинчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 221-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 282-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 364-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 367, 411, 488, 489, 505-14-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер алар жасалган жери боюнча же администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын жашаган жери боюнча каралат.".
2. 44-глава төмөнкүдөй мазмундагы 634-1 жана 634-2-статьялар менен толукталсын:
"634-1-статья. Коомдук иштерге тартууну уюштуруу жөнүндө токтомдун аткарылышы
Коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтомдун аткарылышын контролдоо ички иштер органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Укук бузуучуларды коомдук иштерге тартууну уюштуруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт.
634-2-статья. Коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтомду аткаруу мөөнөтү
Коомдук иштердин мөөнөтү ага коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтом жарыялаган күндөн тартып эки айдан кечиктирбестен укук бузуучу тарабынан аткарылууга тийиш.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Ш. Атамбаев |