Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 1-июлу № 101

"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 130-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

18-берененин 5-бөлүгү "кабардаманы алып," деген сөздөрдөн кийин "7 жумушчу күндүн ичинде" деген сөздөр менен толукталсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

      Президенти

 

А.Ш. Атамбаев