Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 1-июлу № 103
2014-жылдын 8-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн opтосундагы Сауд Арабиясы Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин объекттерин куруу үчүн жер участогун берүү шарттары жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Элчинин дипломатиялык миссиясынын жана резиденциясынын имараттарын куруу үчүн жерди пайдалануу укугу жөнүндө (өз ара келишүүчүлүк принциби) макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2014-жылдын 8-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн opтосундагы Сауд Арабиясы Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин объекттерин куруу үчүн жер участогун берүү шарттары жөнүндө макулдашуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Элчинин дипломатиялык миссиясынын жана резиденциясынын имараттарын куруу үчүн жерди пайдалануу укугу жөнүндө (өз ара келишүүчүлүк принциби) макулдашуу paтификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги саудиялык тарапка Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жолжоболор аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Ш. Атамбаев |