Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 1-июлу № 105
2014-жылдын 20-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык жамааттыктын Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2014-жылдын 20-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия экономикалык жамааттыктын Кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык жамаатынын Кризиске каршы фондунун каражаттарын Башкаруучусуна Кыргыз Республикасы тарабынан көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жолжоболор аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |