Загрузка документа…
КР 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 2-июлу № 109
"Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1045-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 106-берене төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу;".
2. 107-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"107-берене. Өрт коопсуздугунун талаптарынын сакталышына мамлекеттик өрт көзөмөлү
1. Коргоо объекттерин эксплуатациялоо мамлекеттик өрт көзөмөлүнө алынууга жатат.
2. Эксплуатациялоо, техникалык тейлөө стадияларында мамлекеттик өрт көзөмөлү өрткө каршы коргоо системасынын иштөө жөндөмдүүлүгүн текшерүү жүргүзүү, ошондой эле өрт коопсуздугуна жана ушул Техникалык регламенттин талаптарына ылайык келгендиги жөнүндө корутундуда баяндалган чараларды аткаруу жолу менен жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик өрт көзөмөлүн жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
3. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 107-1 жана 107-2-беренелер менен толукталсын:
"107-1-берене. Өрт коопсуздугу үчүн жоопкерчилик
Өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо үчүн төмөнкүлөр жоопкерчилик тартышат:
- долбоорлоодо - объектини түздөн-түз долбоорлогон адамдар жана долбоорлоо уюму;
- долбоорлоо документтерине мамлекеттик өрт экспертизасын жүргүзүүдө -экспертиза жүргүзгөн адам, экспертиза жүргүзгөн мамлекеттик орган жана анын адамдары;
- курууда - архитектуралык-курулуш көзөмөлүн жүзөгө ашыруучу курулуш уюму, мамлекеттик органдар жана бул көзөмөлдү түздөн-түз жүзөгө ашыруучу адамдар;
- эксплуатациялоодо - объектини эксплуатациялоочу адамдар, мамлекеттик өрт көзөмөлүн жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган жана бул көзөмөлдү түздөн-түз жүзөгө ашыруучу адам.
107-2-берене. Өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу
1. Өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу долбоорлоо, куруу стадияларында, объекттерди эксплуатациялоодо жана өрт фактыларын изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт.
Мында объекттердин долбоорлоо документтери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте макулдашууга жатат.
2. Өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- курулушка жер участогун бөлүп берүү, курулуш объекттерин долбоорлоо, профилин кайра өзгөртүү, кайра пландаштыруу, реконструкциялоо стадиясында, ошондой эле капиталдык оңдоодо, техникалык кайра жабдууда жана коргоо объектинин функционалдык арналышы өзгөртүлгөндө;
- өрт сигналдарынын жана өрт өчүрүүнүн автоматтык системасын, адамдарга өрт жөнүндө кабар берүүнүн автоматтык системасын, түтүндөн коргоо автоматтык системасын долбоорлоо, монтаждоо жана эксплуатациялоого кабыл алуу стадиясында. Мында өрт сигналдарынын жана өрт өчүрүүнүн автоматтык системалары "101" кызматына кошулуусу тийиш.
Өрткө каршы мамлекеттик алдын алууну жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Ш. Атамбаев |