Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
2025-жылдын 22-сентябрындагы № 203
конституциялык Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 7-июлу № 114
"Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 437-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) кызмат ордуна талапкерди сунуш кылуу укугуна парламенттик фракциялар ээ болушат.
Парламенттик фракциялар Омбудсмендин (Акыйкатчынын) кызмат ордуна шайлоо үчүн ар бир фракциядан үчтөн көп эмес талапкерди сунуш кылышат.";
5 жана 9-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
6 жана 7-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Омбудсмен (Акыйкатчы), анын орун басары, эгерде анын талапкерлиги үчүн катышкан депутаттардын санынын көпчүлүгү, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн кем эмеси добуш беришсе, шайланды деп эсептелет.
7. Эгерде талапкерлердин бири да депутаттардын добуштарынын зарыл санын алалбаса, анда добуштардын эң көп санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушун, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн кем эмесинин добушун алган талапкер добуш берүүнүн экинчи турунда шайланды деп эсептелет.
Эгерде экинчи турда талапкерлердин бири дагы шайлануу үчүн талап кылынган депутаттардын добуштарынын санын ала албаса, анда депутаттардын добуштарынын эң көп санын, бирок шайлануу үчүн депутаттардын добуштарынын жетишсиз санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн үчүнчү туру өткөрүлөт.
Үчүнчү турдун жыйынтыгы боюнча катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушун, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн көп эмесинин добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
Эгерде үчүнчү турда талапкер шайлануу үчүн добуштардын талап кылынган санын алалбаса, анда жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен жаңы шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде экинчи турда талапкерлердин экөө тең катышкан депутаттардын санынын бирдей сандагы добушун, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн кем эмесинин добушун алышса, анда бул эки талапкер боюнча кайра добуш берүү өткөрүлөт. Кайра добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушун, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн кем эмесинин добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет. Эгерде кайра добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча талапкерлердин экөө тең кайрадан добуштардын бирдей санын алышса, анда шайлоо болгон жок деп эсептелет жана жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен жаңы шайлоо өткөрүлөт.
Эгерде биринчи турда талапкерлердин экиден ашыгы катышкан депутаттардын санынын бирдей санын, бирок Жогорку Кеңештин депутаттарынын 50дөн кем эмесинин добушун алышса, бул талапкерлер боюнча шайлоо биринчи турдун режиминде өткөрүлөт. Эгерде өткөн добуш берүүнүн натыйжасы кайталанса, анда шайлоо болгон жок деп эсептелет жана жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен жаңы шайлоо өткөрүлөт.
Омбудсмендин (Акыйкатчынын) кызмат ордуна талапкерди шайлоо боюнча добуш берүү жол-жобосу Жогорку Кеңештин кийинки жыйналышына которулушу мүмкүн эмес.";
8-пункттагы "7" жана "14" деген сандар тиешелүүлүгүнө жараша "14'' жана "30" деген сандарга алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |