Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 7-июлу № 115
"Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 85-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
36-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Калк жашаган пункттардын бекитилген генералдык пландары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайттарында жана алардын кызматтык имараттарындагы жалпыга жеткиликтүү жерлерде, топографиялык негиздерин жана алардын координаттарын чагылдыруусуз, калк жашаган пункттарды куруунун схемалары түрүндө жайгаштырылуусу тийиш.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |