Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 89 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 9-июлу № 117
"Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 505-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи жана жыйырма үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"камсыздандыруу эрежелери - камсыздандыруунун белгилүү бир түрү боюнча камсыздандырууну жүзөгө ашыруунун шарттарын аныктаган камсыздандыруу уюмунун документи;
лицензиялык ишти түзгөн камсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрүнүн тизмеги - камсыздандыруу уюму тарабынан иштелип чыгуучу жана камсыздандыруу келишимин түзүү аркылуу камсыздандырылуучуга берилүүчү камсыздандыруу продуктусу.".
2. 5-статьянын 3-пунктунда "Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органынан бөлөк" деген сөздөр алып салынсын.
3. 6-статьянын 4-пунктунда "Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы тарабынан иштелип чыгат жана" деген сөздөр алып салынсын.
4. 7-статьяда:
1-пунктунда "камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын;
5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү камсыздандыруу уюмдарынын уставдык капиталын түзүү жана көбөйтүү жана эң төмөнкү капиталды кармап туруу, колдонуудагы камсыздандыруу келишимдери боюнча алар камсыздандырган тобокелдиктердин чоңдугуна жараша ликвиддик активдердин болушунун маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды чыгарат.''.
5. 8-статьяда:
"Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органына" деген сөздөр "камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"Камсыздандыруу'' деген сөз "2. Камсыздандыруу" деген сөзгө алмаштырылсын.
6. 9-статьянын 5-пунктунда "камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
7. 10-статьянын 2-пунктунун экинчи сүйлөмү алып салынсын.
8. 11-статьяда:
3 жана 4-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Камсыздандыруу ишин жүзөгө ашырууга лицензия алган камсыздандыруу уюмдарынын эсебин алуу максатында реестр жүргүзүлөт. Реестрди түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. Камсыздандыруунун ар бир түрүнө өзүнчө лицензия берилет. Камсыздандыруучулар жана кайрадан камсыздандыруучулар лицензияда түздөн-түз көрсөтүлгөн камсыздандыруу түрлөрү боюнча гана камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу ишин жүзөгө ашырууга укуктуу. Камсыздандыруунун ар бир өзүнчө түрчөсү боюнча камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү макулдугу берилет, ал камсыздандыруунун түрчөлөрүнүн лицензияга тиркелген тизмегинде көрсөтүлөт. Камсыздандыруунун түрчөлөрүнүн тизмеги лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.";
9 жана 10-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Юридикалык жактардын лицензияларды берүү жөнүндө арыздары ушул Мыйзамдын 12-статьясында каралган документтерди алган учурдан тартып 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө каралат.
10. Уюштуруу документтерине киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө камсыздандыруучу бул өзгөртүүлөр катталган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн тиркөө менен, жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.".
9. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 11-1-статья менен толукталсын:
"11-1-статья. Камсыздандыруунун түрлөрү жана түрчөлөрү
1. Камсыздандыруу ишин мамлекеттик жөнгө салууну жана лицензиялоону уюштуруу жана жүзөгө ашыруу үчүн камсыздандыруу иши түрлөргө жана түрчөлөргө бөлүнөт. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун камсыздандыруу иши төмөнкүдөй түрлөр боюнча жүзөгө ашырылат:
- камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу, өмүрдү ыктыярдуу топтолуучу камсыздандыруу;
- камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу, ыктыярдуу жекече камсыздандыруу;
- камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу, ыктыярдуу мүлктүк камсыздандыруу;
- камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу, жоопкерчиликти ыктыярдуу камсыздандыруу;
- камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу, камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү;
- камсыздандыруучу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу, камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча кайра камсыздандырууга киргендер.
2. Ар бир түр камсыздандыруунун түрчөлөрүнө бөлүнөт. Келишим түзүүнүн шарттары камсыздандыруу уюму тарабынан бекитилүүчү жана камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жактырылуучу камсыздандыруу эрежелеринде аныкталат.
3. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюму камсыздандыруунун тиешелүү түрлөрүн көрсөтүү менен, өзүндө лицензия болгон шартта, камсыздандыруунун эки же андан ашык түрчөлөрүнүн белгилерин жана мазмунун айкалыштырган камсыздандыруунун жаңы түрчөлөрүн иштеп чыгууга укуктуу.
4. Лицензиянын колдонулушу жайылтылган камсыздандыруу түрлөрү боюнча классификация Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
10. 12-статьяда:
3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн документтерге кошумча катары, катышуусу менен түзүлгөн камсыздандыруу уюмунан төмөнкүлөрдү талап кылат:";
5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
11. 14-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-статья. Лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер
1. Камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган камсыздандыруу ишин жүзөгө ашырууга лицензия берүү жөнүндө арыз берүүчүгө төмөнкү себептердин кайсынысы боюнча болбосун баш тартууга укуктуу:
- ушул Мыйзамдын 11-1-статьясында чагылдырылган камсыздандыруу түрлөрүн жүзөгө ашырууга камсыздандыруу ишин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу эмес субъекттердин категориясы үчүн мыйзамдарда каралган тыюу салуу болсо;
- ушул Мыйзамдын 11-1-статьясында чагылдырылган камсыздандыруу түрлөрү менен алектенүүгө арыз берүүчүгө соттун тыюу салган чечими болсо;
- арыз берүүчү тарабынан анык эмес же толук эмес маалымат берилсе;
- эгерде арыз берүүчү тарабынан берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбесе;
- лицензияны кароо жана берүү үчүн лицензиялык жыйымды төлөбөсө.
2. Лицензия берүүдөн баш тартуу жөнүндө арыз берүүчүгө кабарлоо, себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө жүзөгө ашырылат.".
12. 16-статьянын 1-пунктунун алтынчы абзацында "камсыздандыруу көзөмөл органынын" деген сөздөр "камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. 18-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Көрсөтүлгөн ченемдерди эсептөө усулу, ошондой эле алардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
14. 19-статьянын 2-пунктунда "камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
15. 20-статьянын 3-пунктунда ''камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу opганы" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
16. 22-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Камсыздандыруу уюмдары жыл сайын баланстык отчет жана киреше жана чыгаша жөнүндөгү отчет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген форма жана мөөнөттөр боюнча камсыздандыруу иши чaгылдырылган оперативдүү жана башка статистикалык отчеттуулукту берүүгө милдеттүү.".
17. 23-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацында "камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
18. 24-статьяда "камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
19. 25-статьянын 2-пунктунда "камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органы" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
20. 26-28-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26-статья. Кыргыз Республикасында камсыздандыруу ишине мамлекеттик көзөмөл
1. Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруу ишине мамлекеттик көзөмөл жана камсыздандыруу ишинин маселелерин жөнгө салуу камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын негизги функциялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.
3. Камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө укуктуу:
а) камсыздандыруучулардан камсыздандыруу иши жөнүндө белгиленген отчеттуулукту, алардын каржылык абалы жөнүндө маалыматты алууга;
б) камсыздандыруучулардын Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарын сактоосун жана алар берген отчеттуулуктун аныктыгын текшерүүнү жүргүзүүгө;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу уюмдарынын ишин инспекциялоону жүргүзүүгө;
г) камсыздандыруу уюмдары тарабынан камсыздандыруу ишин жүзөгө ашыруу тартибин жөнгө салуучу мыйзамдардын талаптарын бузуулар табылганда, аларды четтетүү боюнча камсыздандыруучуларга жазуу жүзүндө жазма буйруктарды берүүгө, ал эми жазма буйруктар аткарылбаган учурларда - табылган тартип бузуулар четтетилгенге чейин бул камсыздандыруучүлардын лицензияларынын колдонулушун токтото турууга;
д) төлөөгө жөндөмсүз болгон учурда, банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруучу уюмду жоюу процессине катышууга.
4. Камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү жөнгө салууга укуксуз:
а) милдеттүү камсыздандырууну кошпогондо, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмдөрүн;
б) милдеттүү камсыздандырууну кошпогондо, камсыздандыруу суммаларынын өлчөмдөрүн.
27-статья. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун каржылык абалын жакшыртуу
1. Камсыздандыруу уюмдары өзүнүн каржылык абалын өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн жетиштүү болгондой деңгээлде күтүүгө тийиш.
2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун каржылык абалы начарлаган учурда, камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү таасир көрсөтүү чараларынын бирин же бир нечесин колдонуу жөнүндө талапты кошуп алганда, акционерлердин алдында уюмдун каржылык абалын жакшыртуу зарылдыгы жөнүндө маселе коюуга укуктуу:
- камсыздандыруу уюмунун каржылык абалын жакшыртуу тууралуу негизделген кат-милдеттенмени берүүсүн;
- камсыздандыруу уюмуна жазуу жүзүндө эскертүү жөнөтүүнү;
- квалификациялуу консультантты дайындоону;
- түздөн-түз көзөмөл киргизүүнү;
- камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмун башкаруу боюнча убактылуу администрация дайындоону.
3. Каржылык абалды жакшыртуу жөнүндө негизделген кат-милдеттенмени берүү камсыздандыруу уюму тарабынан камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бир тараптуу тартипте жазуу жүзүндө кабарлама жөнөтүүнү билдирет, анда камсыздандыруу уюмунун ишиндеги конкреттүү кемчиликтер моюнга алынат жана аларды четтетүүнүн жолдору көрсөтүлөт.
4. Камсыздандыруу уюмуна эскертүү берүү камсыздандыруу уюмун анын белгилүү бир ченемдерди жана эрежелерди бузгандыгы же анын туруктуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө коркунуч келтирген иш менен алектенгендиги жөнүндө жана кийин таасир көрсөтүүнүн олуттуу чаралары колдонулушу мүмкүндүгү тууралуу эскертүү максатында маалымдоонун зарылчылыгы болгон учурда, камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жасалат.
5. Камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган камсыздандыруу уюмунун каржылык абалы начарлаганда, ушул камсыздандыруу opганында түзүлгөн кырдаалды оңдоого байланышкан чараларды кабыл алуу боюнча камсыздандыруу уюмуна кеңеш берүүгө жооптуу консультант кызматкерди дайындай алат. Мында камсыздандыруу уюмуна кеңеш берүүгө байланышкан чыгымдар аталган камсыздандыруу уюму тарабынан төлөнөт.
6. Камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын пикири боюнча камсыздандыруу уюму тобокелчилик менен аракеттенген жана анын мындай иши камсыздандыруу уюмунун бакубат абалына терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон, бирок убактылуу администрация дайындоо же камсыздандыруу уюмунун камсыздандыруу ишин жүзөгө ашырууга лицензиянын жокко чыгаруу үчүн жетиштүү негиздер болбогон учурларда түздөн-түз көзөмөл киргизилет. Түздөн-түз көзөмөл ыйгарым укуктуу инспектор дайындоо жолу менен киргизилет.
7. Убактылуу администрация дайындоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
28-статья. Камсыздандыруунун түрлөрү боюнча лицензиянын колдонулушун токтото туруунун жана жокко чыгаруунун негиздери жана тартиби
1. Лицензияны колдонулушун токтото туруунун негиздери жана тартиби:
- камсыздандыруу ишинин лицензияда каралбаган түрчөлөрүн жүргүзүү;
- эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача уруксат берилбесе, камсыздандыруунун милдеттүү түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген камсыздандыруу тарифтерин төмөндөтүү же жогорулатуу;
- камсыздандыруу (техникалык) резервдерин түзүүгө жана пайдаланууга (жайгаштырууга) байланыштуу тартип бузуулар;
- камсыздандыруу уюму камсыздандырылуучуларга камсыздандыруу суммаларын төлөө боюнча милдеттерин негизсиз аткарбоосу;
- эскертүү алынган жана айып салынган себептерди белгиленген мөөнөттөрдө четтетпөө;
- камсыздандыруучунун лицензияларды берүү үчүн негиз болгон документтерде анык эмес же атайылап бурмаланган маалыматтарды берүүсүнүн, ошондой эле уюштуруучу документтерге киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтарды өз мөөнөтүндө бербөөсүнүн фактыларын белгилөө.
2. Лицензияны жокко чыгаруунун негиздери жана тартиби:
- лицензиянын колдонулушун токтото туруу боюнча себептер белгиленген мөөнөттө четтетилбесе;
- камсыздандыруу уюму тарабынан каржылык абалын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлбөсө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган иштер жүзөгө ашырылса;
- лицензия лицензиардын арызы боюнча соттун чечими менен гана жокко чыгарылат.".
21. 29-статьяда:
1-пунктунда ''Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу opганына" деген сөздөр "камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-пунктунда "Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча мамлекеттик башкаруу органынын макулдугу менен" деген сөздөр алып салынсын.
22. 30 жана 31-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"30-статья. Камсыздандыруу сыры жана камсыздандыруучунун коммерциялык сыры
Камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, аларга кызмат абалына жараша белгилүү болуп калган камсыздандыруучунун коммерциялык сырын түзгөн маалыматты, камсыздандыруучуга жана анын кардарларына тиешелүү башка маалыматты ачыкка чыгарууга укуксуз.
31-статья. Камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды каржылык жактан камсыз кылуу
Камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин каржылоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |