Редакцияот 09.07.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 9-июлу № 120

2014-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун жана Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондунун ортосундагы "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-II" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

 

2014-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун жана Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондунун ортосундагы "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-II" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фондуна жана Майда жер ээлерин адаптациялоо боюнча айыл чарба программасынын трасттык фондуна Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

      Президенти

 

А.Ш. Атамбаев