КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 9-июлу № 124
2014-жылдын 28-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Саламаттык сактоо жана социалдык коргоонун экинчи долбоору) (Грант № TF 015135) ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2014-жылдын 28-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Саламаттык сактоо жана социалдык коргоонун экинчи долбоору) (Грант № TF 015135) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |