Редакцияот 09.07.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 9-июлу № 125

2014-жылдын 10-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Билим берүү максатында глобалдык өнөктөштүк" долбоору (Мектепке чейинки билим берүү долбоору) боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

1-берене.

 

2014-жылдын 10-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Билим берүү максатында глобалдык өнөктөштүк" долбоору (Мектепке чейинки билим берүү долбоору) боюнча гранттык макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

      Президенти

 

А.Ш. Атамбаев