Редакцияот 09.07.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ  

2014-жылдын 9-июлу № 126

2014-жылдын 24-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы байланышкан жардамдын алкагында насыя берүү тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

1-берене.

2014-жылдын 24-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Польша Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы байланышкан жардамдын алкагында насыя берүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Польша Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасы тарабынан көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

 

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти

 

А. Атамбаев