Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 14-июлу № 132
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 504-9-статьянын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын бажы органына белгиленген тартипте зарыл отчеттуулукту бербөө, ага тете бажы контролунда же болбосо убактылуу сактоо кампасында жана/же бажы режимдеринин жайларында (бажы кампасы, алымсыз соода дүкөнү, бажы аймагында кайра иштетүү, бажы контролунда кайра иштетүү, бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү) туруучу алып келген, алып кеткен, келип түшкөн, сакталып турган, кайра иштетилген, даярдалган, сатылып алынган жана сатылган товарлар жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына шарттуу чыгарылган товарларга жана транспорт каражаттарына карата так эмес маалыматтарды берүү, -".
2. 504-10-статьянын аталышында жана биринчи абзацында ар түрдүү жөндөмөлөр формасындагы "убактылуу сактоо кампасы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "бажы кампасы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 504-11-статьяда:
расмий тилдеги биринчи абзацында ", складах временного хранения и свободных складах" деген сөздөр алып салынсын;
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эскертүү берүүгө же жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же болбосо ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден он өлчөмүнө чейин, кызмат адамдарына - укук бузуунун түздөн-туз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен, же болбосо ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон отуз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же болбосо ансыз эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
4. 504-29-статьяда:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бажылык брокерлердин реестрине киргизилбеген жактар тарабынан бажылык брокер катары иш-аракеттерди жүргүзүү, өзүнүн аталышында, жарнакта же башка маалыматта "бажылык брокер" деген аталышты пайдалануу же болбосо квалификациялык күбөлүгү жок же квалификациялык күбөлүгү чакыртылып алынган адам тарабынан бажылык жол-жоболоштуруу боюнча иш-аракеттерди жасоо, ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган жосундардан тышкары, ага тете эле ушундай иш-аракеттердин башка шарттарын бузуу, -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн төрт жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.";
2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн төрт жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.".
5. 504-30-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"504-30-статья. Алымсыз соода дүкөнүнүн ээси катары иш-аракеттерди мыйзамсыз жүзөгө ашыруу же мындай иш-аракеттердин шарттарын бузуу
Алымсыз соода дүкөнүнүн ээлеринин реестрине киргизилбеген жактар тарабынан алымсыз соода дүкөнүнүн ээси катары иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу, ага тете ушундай иш-аракеттердин башка шарттарын бузуу, -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.".
6. 545-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Администрациялык укук бузуулар тууралуу ишти кароого жана администрациялык жаза берүүгө төмөнкүлөр укуктуу:
- бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси, анын орун басарлары;
- бажылардын начальниктери, алардын орун басарлары, анын ичинде статусу боюнча бажылардын начальниктеринин орун басары болуп саналган кызмат адамдары;
- мындай ыйгарым укуктар берилген бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги жана/же начальниктин орун басары.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |