Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150
Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 14-июлу № 134
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статьянын 3-2-пункту "транспорттук" деген сөздөн кийин ", энергетикалык" деген сөз менен толукталсын.
2. 32-статьянын 4-пункту "транспорт," деген сөздөн кийин "энергетика," деген сөз менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |