Редакцияот 15.07.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ  

2014-жылдын 15-июлу № 137

2013-жылдын 27-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобилдик катнаш жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2013-жылдын 27-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобилдик катнаш жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тажик тарапка Кыргыз Республикасы тарабынан көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириш үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарласын.

 

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

А. Атамбаев