Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 17-июлу № 138
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75, 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 228-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-статьяда:
мамлекеттик тилдеги текстин 1-бөлүгү "учурларда" деген сөздөн кийин "мөөнөтүнөн мурда токтотулат" деген сөздөр менен толукталсын;
1-бөлүгүнүн алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;";
2-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 25-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Депутаттын жергиликтүү кеңештеги иштеген убактысы муниципалдык кызмат стажына, ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланганга чейин иштеген адистиги боюнча иш (кызмат) стажына кошулуп эсептелет. Тийиштүү ишкананын, мекеменин, уюмдун кызматкерлери пайдаланган бардык укуктар жана жеңилдиктер депутат үчүн сакталып калат.".
3-берене.
(КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |