Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 18-июлу № 140
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 30-статьяда:
6-бөлүгүндө:
бөлүк "Юридикалык жакка" деген сөздөрдөн мурда "Жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан объекттерди өз убагында пайдаланууга киргизбөөгө байланышкан укук бузууларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
мамлекеттик тилдеги текстинде "Юридикалык" деген сөз "юридикалык" деген сөзгө алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"Жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан обьекттерди өз убагында пайдаланууга киргизбөө үчүн каралган айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз миң өлчөмүнөн ашпоого тийиш.".
2. 97-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "97-статья. Жер казынасын жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтарды мамлекеттик менчиктөө укугун бузуу";
экинчи абзацында "бирден беш" жана "жыйырмадан элүү" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "элүүдөн сексен" жана "жүздөн жүз элүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Жер казынасын өзү билемдик менен пайдалануу, жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтардын жашырындуулугун бузуу, жер казынасына жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтардын мамлекеттик менчик укугун тикелей же кыйыр түрдө бузган бүтүмдөрдү жасоо -
зыяндын ордун толтуруу менен, жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн сексен, кызмат адамдарына - жүздөн жүз элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
3. 98-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жер казынасын коргоо, пайдалануу жана курчап турган жаратылыш чөйрөсүн коргоо боюнча талаптарды бузуу";
экинчи абзацында "ондон элүү" деген сөздөр "сексенден жүз жыйырма" деген сөздөргө алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Жер казынасын пайдалануучу тарабынан жүргүзүлүп жаткан жумуштардын долбоордон четтөөсүндө, жер казынасын коргоо эрежелерин аткарбоосунда, жер астындагы сууларга байкоо жүргүзүлүүчү режимдик скважиналарды, ошондой эле маркшейдердик жана геодезиялык белгилерди жок кылууда же зыянга учуратууда болгон жер казынасын пайдалануунун макулдашылган шарттары сакталбаганда -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон элүү, юридикалык жактарга - жүздөн үч жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
4. 99-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден беш, кызмат адамдарына - бештен он беш" деген сөздөр "зыяндын ордун толтуруу менен, жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн сексен, кызмат адамдарына - сексенден жүз кырк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына - жыйырмадан элүү" деген сөздөр "зыяндын ордун толтуруу менен, элүүдөн сексен, кызмат адамдарына - сексенден жүз кырк" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 100-статьяда:
1 жана 2-бөлүктөрүнүн экинчи абзацтарында "ондон отуз" деген сөздөр "элүүдөн жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бештен он беш" деген сөздөр "элүүдөн жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Жер казынасын геологиялык изилдөөдө, пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө, жер астындагы сууларды алууда, пайдалуу кендерди иштетүү менен байланышы жок жер астындагы курулмаларды курууда жана пайдаланууда жер участокторун рекультивациялоого каражаттарды топтоо боюнча талаптарды аткарбоо, ошого тете жер участокторун рекультивациялоону жүргүзбөө же четтөө -
эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
6. 101-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он" деген сөздөр "зыяндын ордун толтуруу менен, элүүдөн жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн биринчи абзацында "геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик органга пайдалуу кендердин чалгындалган жана тындырылган корлору боюнча отчеттуулуктун түрлөрүн бербөө" деген сөздөр "жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга пайдалуу кендердин чалгындалган жана тындырылган корлору боюнча отчеттуулуктун түрлөрүн бербөө жана/же анык эмес маалыматтарды берүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон он беш" деген сөздөр "зыяндын ордун толтуруу менен, эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 103-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"103-статья. Геологиялык маалыматтарды пайдалануунун тартибин, жер казынасын геологиялык иликтөө боюнча жумуштарды жүргүзүүнүн эрежелерин жана талаптарын бузуу
Жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтарды алуунун, пайдалануунун жана кайтарып берүүнүн белгиленген тартибин бузуу, геологиялык жашыруун маалыматты таркатуу, мыйзамда белгиленген учурларда жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматты жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүдөн баш тартуу же четтөө, ошондой эле жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматка мамлекеттик менчик укугун тикелей жана кыйыр түрдө бузган башка аракеттерди жасоо -
зыяндын ордун толтуруу менен, жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн сексен, кызмат адамдарына - жүздөн жүз элүү, юридикалык жактарга - эки жүздөн беш жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Геологиялык маалыматтарды бурмалоо, пайдалуу кендердин чалгындалган корлорун же пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканаларды куруу жана пайдалануу үчүн шарттарды туура эмес баалоого алып келиши мүмкүн болгон же алып келген анык эмес маалыматтарды геологиялык документке киргизүү, андан ары жер казынасын геологиялык иликтөөдө жана кен чыккан жерлерди иштетүүдө зарыл болгон геологиялык документтерди, дубликаттарды, пайдалуу кендердин жана керндин сынамыктарын жоготуу -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн сексен, кызмат адамдарына - жүздөн жүз элүү, юридикалык жактарга - беш жүздөн бир миң өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
8. 11-глава төмөнкүдөй мазмундагы 103-1 - 103-3-статьялар менен толукталсын:
"103-1-статья. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан жер казынасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу
Кызмат адамдары тарабынан жер казынасын пайдалануу үчүн жер участокторун бербөө же берүү мөөнөттөрүн бузуу, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды берүүнүн, узартуунун мөөнөттөрүн бузуу, геологиялык отчеттордун жана жумуштардын пландарын кароо мөөнөттөрүн бузуу -
кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн алтымыштан жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Кызмат адамдары тарабынан өндүрүштүк, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо талаптарына ылайыктуулугуна долбоорлорго экспертизаларды жүргүзүү мөөнөттөрүн бузуу -
кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
103-2-статья. Өндүрүштүк, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо талаптарына ылайыктуулугуна экспертизаларды жүргүзүү үчүн долбоорлорду берүү, отчетторду, тоо-кен жумуштарынын пландарын берүү мөөнөттөрүн бузуу
Жер казынасын пайдалануучулар тарабынан өндүрүштүк, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо талаптарына ылайыктуулугуна экспертизаларды жүргүзүү үчүн долбоорлорду берүү мөөнөттөрүн бузуу -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү, юридикалык жактарга -жүздөн үч жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Жер казынасын пайдалануучулар тарабынан өткөн жыл үчүн отчетторду жана кийинки жылга тоо-кен жумуштарынын пландарын берүү мөөнөттөрүн бузуу -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн отуздан элүү, юридикалык жактарга - үч жүздөн беш жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
103-3-статья. Объекттерди пайдаланууга өз убагында киргизбөө
Жер казынасын пайдалануучулар тарабынан жалпы мамлекеттик маанидеги объекттер боюнча лицензиялоонун шарттарында каралган объекттерди ишке киргизүүнүн мөөнөттөрүн бузуу -
юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү миңден жүз миң өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
9. 508-статьянын 1-бөлүгү "102," деген сандан кийин "103-1," деген сан менен толукталсын.
10. 527-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"527-статья. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча орган
Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы ушул Кодекстин 97-101, 103, 103-2, 103-3, 410-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт.
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын көрүүгө жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси же анын орун басары укуктуу.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |