КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 18-июлу № 143
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө'" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 10, 470-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 43-статьянын 2-пунктунун 5-пунктчасы ", юридикалык жактардын капиталына катышуу тууралуу" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 50-статьянын 3-пунктунда "мамлекеттик программалардын чегинде" деген сөздөр "ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү'' деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |