Загрузка документа…
КР 2015-жылдын 6-августундагы № 219 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 26-июлу № 147
Кыргыз Республикасынын Аба кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Аба кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 159-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы преамбула менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Аба кодекси калктын, экономиканын, коргоонун муктаждыктарын жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу максатында аба мейкиндигин пайдалануунун жана авиация ишинин укуктук негиздерин белгилейт.
Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууну жана авиация жагындагы ишин мамлекеттик жөнгө салуу аба кемелеринин учууларынын жана аба кыймылынын коопсуздугун, абада ташуулардын жана авиациялык иштердин натыйжалуулугун камсыз кылууга багытталган.".
2. 2-берененин 2-бөлүгүндө:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери Граждандык авиациянын эл аралык уюму пайдаланган тилге ылайык расмий тилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же Кыргыз Республикасынын граждандык авиация органы тарабынан кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин кабыл алынышы Эл аралык граждандык авиация жөнүндө конвенциянын 37-беренесине ылайык кабыл алынуучу Граждандык авиациянын эл аралык уюмунун стандарттарына жана сунуш кылынган практикасына максималдуу түрдө бирдей келишин камсыз кылуу үчүн жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери авиация ишинин төмөнкүдөй жактарын жөнгө салуучу эрежелерди камтыйт:";
(к) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(к) авиациялык электрбайланыш;".
3. 8-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толукталсын:
"Граждандык авиация органы коопсуздукка байланышкан бардык аспектилерди эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин конкреттүү жоболоруна ылайык, талаптардан бошотууларды жазуу жүзүндө бере алат. Тийиштүү бошотууларды берүү Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде айтылат.
Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде айтылган кандайдыр бир талапка ылайык келбеген учурда, граждандык авиация органы авиациялык иликтөөлөрдү жүргүзгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде бекитилген тийиштүү талаптарды сактоодон улам белгиленгендин эквиваленти болгон коопсуздуктун деңгээлин камсыз кылуу үчүн зарыл шарттарды жана жол-жоболорду белгилей алат.".
4. 9-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Граждандык авиация органынын инспектору атайын ырастама менен камсыздалат жана инспектордук функцияларды жана милдеттерди аткаруу максатында аба кемелерине, аэропорттордун жайларына, аэродромдорго, аэронавигациялык тейлөөнү камсыз кылуу боюнча авиациялык объекттерге, техникалык тейлөө боюнча уюмдар тарабынан бекитилген ангарларга, устаканаларга, перрондорго, күйүүчү май сактоочу жайларга, күйүүчү май-куюу комплекстерине (уюмдарга), эксплуатациялоочунун кызматтык жайына, жүктөрдү тейлештирүү зоналарына, авиациялык окуу жайларына жана мамлекеттеги граждандык авиациянын бардык каражаттарына жана жабдууларына толук жана чектелбеген жеткиликтүүлүккө ээ.".
5. 28-1-берененин 2-бөлүгүндө "3100 килограммдан аз" деген сөздөр "3175 килограммдан аз" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 54-1-берене менен толукталсын:
"54-1-берене. Аэродромдор жагындагы талаптарды жарыялоо
Граждандык авиация органы учуу-конуу тилкелеринин, рулдук жолчолордун, перрондун, рулдук жолчолордун каптал тилкелеринин, учуу тилкесинин төшөндүсүнө, визуалдык каражаттарына, электр тутумдарына, морттукка жана учууларды орнитологиялык камсыз кылууга тийиштүү аяр чараларды кошуп алганда Кыргыз Республикасынын бардык аэродромдорунда техникалык тейлөөнүн программаларын иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө тийиштүү талаптарды граждандык авиация органынын өзүнчө директивасы түрүндө жарыялайт.".
7. 60-беренеде "аэродромдордун пайдаланууга жарактуулук нормаларына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 106-1-берене менен толукталсын:
"106-1-берене. Ыктыярдуу кабарлоо
Авиациялык кокустуктарды жана окуяларды ыктыярдуу кабарлоо маалымат булактарына карата кандайдыр бир тартип чараларын көрүү үчүн пайдаланылбайт.".
9. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 108-1-берене менен толукталсын:
"108-1-берене. Ишти координациялоо
Авиациялык кокустук же окуя болгон жерде териштирүү процессинин жүрүшүндө дайындалган тергөөчү менен сот органынын ортосундагы иштин координациясын жеңилдетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлөт.
Дайындалган тергөөчүлөр тергөө жүргүзүү үчүн бардык ыйгарым укуктарга ээ.
Экипаждын кабинасында орнотулган үн жазуучу түзүлүштү чечмелөөдө алынган маалымат териштирүү боюнча Комиссиянын жана сот органдарынын чечимине чейин ачыкка чыгарылууга жатпайт.".
10. 123-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"Иштетүүчү тарабынан учууга жарактуулук жөнүндө берилген күбөлүктөрдүн, сертификаттардын жана ырастамалардын (сертификаттардын), ошондой эле радиожабдууларды пайдаланууга болгон уруксаттардын жана Эл аралык граждандык авиация жөнүндө конвенциянын 83-bis беренесине ылайык, башка мамлекет менен түзүлгөн макулдашуунун алкагында чет мамлекет тарабынан тастыкталган экипаждын мүчөлөрүнүн күбөлүктөрүнүн аныктыгы таанылат.".
11. 124-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"124-берене. Иштетүүчүнүн сертификатын берүүгө карата талаптар
Иштетүүчүнүн сертификатын берүүгө карата талаптар жана ага байланышкан эксплуатациялык өзгөчөлүктөр аба кемелерин иштетүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде айтылат.
Эгерде иштетүүчүнүн учууларды жүргүзүү боюнча жетекчиликке ылайык аба ташууларынын иштетүүчү тарабынан билдирилген түрүнө ылайык учууга жарактуулуктун сертификаты менен ырасталган учууга жарактуу бир аба кемеси болсо жана иштетүүчүдө учууларды жүргүзүү үчүн тийиштүү эксплуатациялык жана башкаруучулук уюштуруучулук түзүмү, өндүрүштүк жана административдик жайлар, техникалык каражаттар, жабдуулар, даярдык программалары, ошондой эле учуулардын белгиленген мүнөзүнө жана көлөмүнө ылайык келген жердеги жана техникалык тейлөө тутумунун жана ал аба кемесин эксплуатациялоо үчүн зарыл башка мүмкүнчүлүктөрү болгон шартта иштетүүчүнүн сертификаты жана аны менен байланышкан эксплуатациялык өзүнө тийиштүү өзгөчөлүктөр берилет. Аба кемесинин менчиктиги аба кемесин сатып алуу-сатуу жөнүндөгү келишим же макулдашуу менен тастыкталат.
Калган аба кемелерине карата иштетүүчүдө кийин сатып алуу же болбосо каржылык ижара (лизинг) келишими менен ырасталган пайдалануу жана ээлик кылуу укугунун болушу жетиштүү.".
12. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 176-1-берене менен толукталсын:
"176-1-берене. Аба мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарын бузууга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |