Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 31-октябры № 149
"Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 11, 508-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи жана он алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"эмгекти коргоо чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эмгекти коргоо чөйрөсүндө мамилелерди жөнгө салууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы;
эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдүк-контролдук функцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы.".
2. 2-статьяда:
3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттерде жалданып иштеген жарандарына, иш берүүчү мамлекеттин эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдары, ал эми Кыргыз Республикасынын юрисдикциясында турган уюмдарда иштөөчү чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, - Кыргыз Республикасынын эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдары жайылтылат. Андан тышкары, аларга жана башкаларга да Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жоболору жайылтылат.";
4-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
3. 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Эмгекти коргоонун талаптары
Эмгек процессинде кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоого багытталган эрежелер, жол-жоболор жана критерийлер (мындан ары - эмгекти коргоо талабы) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Эмгекти коргоо талаптары ушул Мыйзамдын 2-статьясынын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн юридикалык жана жеке жактар тарабынан иштин кайсы түрү болбосун жүзөгө ашырууда, анын ичинде объекттерди долбоорлоодо, курууда, реконструкциялоодо жана пайдаланууда, машиналарды, механизмдерди жана башка жабдууларды конструкциялоодо, технологиялык процесстерди иштеп чыгууда, өндүрүштү жана эмгекти уюштурууда камсыз кылынат.".
4. 5-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-статья. Эмгекти коргоо чөйрөсүндө аткаруу бийлик органдарынын тутуму
Кыргыз Республикасында эмгекти коргоону мамлекеттик башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат.
Эмгекти коргоо чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана контролдук-көзөмөлдүк функцияларды жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылат.".
5. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 5-1 жана 5-2-статьялар менен толукталсын:
"5-1-статья. Эмгекти коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары
Эмгекти коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
- эмгекти коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты аныктоо;
- эмгекти коргоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктоо;
- эмгекти коргоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды өз компетенциясынын чегинде кабыл алуу, ошондой эле алардын сакталышын контролдоо.
5-2-статья. Эмгекти коргоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары
Эмгекти коргоо чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- эмгекти коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- эмгекти коргоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылуу;
- өндүрүштүк жаракаттардын жана кесиптик оорулардын абалын жана себептерин талдоого катышуу, аларды алдын алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- кызматкерлердин эмгек укуктары жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, иш берүүчүлөрдү жана кызматкерлерди эмгекти коргоо боюнча окутууга көмөк көрсөтүү.
Эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын жана эмгекти коргоо маселелери боюнча башка ченемдик укуктук актылардын сакталышына белгиленген тартипте көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу;
- балдар эмгегинин пайдаланылышына белгиленген тартипте контролдоону жүзөгө ашыруу;
- табылган тартип бузуулардын жагдайларын, себептерин талдоо, аларды четтетүү жана эмгекти коргоо чөйрөсүндө жарандардын бузулган укуктарын калыбына келтирүү боюнча контроль жүргүзүү;
- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандуулугуна карабастан өнөр жай коопсуздугу жана энергетикалык коопсуздук жаатындагы билимдеринин маселелери боюнча кооптуу өндүрүш объекттеринин, энергия менен камсыз кылуучу уюмдардын жетекчилеринин жана персоналынын билимдерин текшерүү.".
6. 6-статьянын сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эмгекти коргоо чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын коомдук контролдоо органдары тарабынан өзүнүн жумуш ордунда эмгек шарттарын жана корголушун текшерүүнүн жүрүшү жөнүндө сурап билүүгө;".
7. 7-статьянын 2 жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эмгек келишиминде каралган эмгек шарттары эмгекти коргоо боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
Эмгекти коргоо талаптары кызматкердин күнөөсү боюнча эмес бузулушунун кесепетинен эмгекти коргоо чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иш токтотулган убакытка анын иш орду (кызматы) жана орточо эмгек акысы сакталат.".
8. 9-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;
4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Уюмдагы эмгекти коргоо кызматынын түзүмү жана эмгекти коргоо кызматынын кызматкерлеринин саны иштегендердин санына, өндүрүштүн коркунучтуулугуна, зыяндуулук даражасына жана башка факторлорго жараша иш берүүчү тарабынан аныкталат. Эмгекти коргоо кызматы жөнүндө типтүү жобо жана эмгекти коргоо боюнча ишти уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
9. 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-статья. Иш берүүчүнүн эмгекти коргоону камсыз кылуу боюнча укуктары
Иш берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
- эмгекти коргоо чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эмгек коопсуздугу жана гигиенасы боюнча эрежелерди же ченемдерди иштеп чыгуу же өзгөртүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- эмгекти коргоо чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана көзөмөлдөө, контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан маалымат, анын ичинде өздөрүнүн уюмунда өткөрүлгөн текшерүүлөрдүн жана териштирүүлөрдүн натыйжалары жөнүндө маалымат алууга;
- технологиялык жабдууларды орнотууда, чийки заттарды жана материалдарды пайдаланууда аларды өндүрүштүк коркунучтун мүмкүн болуучу булактары катары эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан текшерүүлөрдү, териштирүүлөрдү жана экспертизаларды жүргүзүүгө;
- уюмдагы, ишканадагы эмгекти коргоого тиешелүү маселелерди карап жатканда эмгек шарттарына, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамсыз иштерине даттанууларды текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, кароого, ошондой эле эмгекти коргоо чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан өткөрүлгөн кеңешмелерге катышууга;
- эмгекти коргоо чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу, көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечимдерин мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга;
- эмгекти коргоону башкарууда, үйрөтүүдө жана уюштурууда мамлекеттик органдардын кызмат көрсөтүүлөрүн жана көмөгүн алууга.".
10. 11-статьянын 2-бөлүгүндө:
он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды жана документтерди берүүгө;";
он сегизинчи жана он тогузунчу абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана котролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарын, ошондой эле коомдук контролдоо органдарынын өкүлдөрүн уюмдагы эмгек шарттарын жана корголушун текшерүүлөрдү жүргүзүү, өндүрүштө болгон кырсыктарды жана кесиптик ооруларды иликтөө үчүн тоскоолдуксуз киргизүүгө;
- эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын жазма буйруктарын аткарууга жана коомдук контролдоо органдарынын сунуштоолорун мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө кароого;".
11. 12-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эмгекти коргоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоого;".
12. 13-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13-статья. Өндүрүштүк объекттердин жана продукциянын техникалык жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келиши
Өндүрүштүк объекттердин, ошондой эле машиналардын, механизмдердин жана башка өндүрүштүк жабдуулардын, технологиялык процесстердин курулуш жана реконструкциялоо долбоорлору эмгекти коргоо маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык келүүгө тийиш.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн долбоорлордун эмгекти коргоо талаптарынын долбоорлоруна ылайык келиши жөнүндө эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусуз өндүрүштүк объекттерди курууга, реконструкциялоого, техникалык жактан кайра жабдууга, жаңы техниканы өндүрүүгө жана ишке киргизүүгө, жаны технологияларды ишке киргизүүгө тыюу салынат.
Жаңы же реконструкциялануучу өндүрүштүк обьекттер эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундуларысыз пайдаланууга кабыл алынбайт.
Өндүрүштө зыяндуу же коркунучтуу заттарды, материалдарды, продукцияларды, товарларды колдонууга жана тиешелүү техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык келбеген кызмат көрсөтүүлөргө тыюу салынат.
Иш берүүчү жаңы, мурда уюмда пайдаланылбаган зыяндуу же коркунучтуу заттарды пайдаланган учурда, аталган заттарды пайдаланганга чейин кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоо боюнча чараларды иштеп чыгууга жана аларды эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашууга милдеттүү.
Машиналар, механизмдер жана башка өндүрүштүк жабдуулар, транспорттук каражаттар, технологиялык процесстер, материалдар жана химиялык заттар, кызматкерлердин жеке жана жамааттык коргонуу каражаттары, анын ичинде чет өлкөдө чыгарылгандары тиешелүү техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.".
13. 17-статьяда:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эмгекти коргоонун талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл жана контроль эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.";
2-бөлүгүндө:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары өз милдеттерин аткарууда төмөнкүдөй укуктарга ээ:";
- онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эмгекти коргоо талаптарынын бузулушуна күнөөлүү адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте администрациялык жоопкерчиликке тартууга, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдарды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндө материалдарды укук коргоо органдарына жиберүүгө;";

"Эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары мамлекеттик кызматчылар болуп саналышат.";
4-бөлүгүндөгү "Мамлекеттик эмгек инспекторлору" деген сөздөр "Эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.''.
14. 19-статьянын 2-бөлүгүнүн алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кызматкерлердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч болгон учурларда ишти токтотуп туруу жөнүндө сунуш киргизүүгө;".
15. 21-статьядагы "эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо органдарынын" деген сөздөр "эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын'' деген сөздөргө алмаштырылсын.
16. 22-статьянын 1 жана 2-бөлүктөрүндөгү ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "мамлекеттик эмгек инспекцияларынын жетекчилеринин жана мамлекеттик эмгек инспекторлорунун" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
17. 23-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-статья. Эмгекти коргоо талаптарынын бузулушунун кесепетинен уюмду жоюу же анын түзүмдүк бөлүмүнүн ишин токтотуу
Эмгек шарттарынын мамлекеттик экспертизасынын корутундусу болгондо, эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштоосу боюнча соттун чечими менен уюм жоюлушу же болбосо уюмдун түзүмдүк бөлүмүнүн иши токтотулушу мүмкүн.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |
КР 2026-жылдын 5-июнундагы N 82 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ