Загрузка документа…
КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 10-ноябры № 150
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 529-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-статьянын 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- саясий мамлекеттик кызматчылардын кеңешчилеринин, консультанттарынын жана жардамчыларынын кызмат орундарына талапкер адамдарга;".
2. 13-статьянын 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында "тандалып алынган талапкерлерди дайындоого сунуш кылат;" деген сөздөр алып салынсын.
3. 18-статьяда:
2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик органдын кадрларынын ички резерви төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
- ушул мамлекеттик органда административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген жана аттестациянын натыйжалары боюнча кызматка көтөрүүгө сунушталган мамлекеттик кызматчылардан;
- ушул Мыйзамдын 47-статьясынын 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардан;
- конкурстун жыйынтыгы боюнча аттестациялык-конкурстук комиссия тарабынан сунушталган адамдардан.".
4. 24-статьянын 5-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- бул кызмат орундарында бир жылдан кем эмес иштеген саясий мамлекеттик кызматчылардын кеңешчилери, жардамчылары жана консультанттары;".
5. 47-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул статьяда каралган негиздер боюнча мамлекеттик кызматтан бошотулуп жаткан адам арызынын негизинде кадрлардын ички резервине киргизилет.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |