Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 13-ноябры № 151
"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 1, 16-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Преамбула күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 1-статьянын аталышы жана биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-статья. Ушул Мыйзамдын максаты жана милдеттери
Ушул Мыйзамдын максаты тарыхый-маданий мурас объекттеринин сакталышын, корголушун жана ар тараптан натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылуу болуп саналат.
Ушул Мыйзамдын милдети тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы социалдык-укуктук мамилелерди жөнгө салуу болуп саналат, атап айтканда:".
3. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-статья менен толукталсын:
"1-1-статья. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагындагы эл үчүн бөтөнчө баалуулук болгон тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жагындагы укуктук ченемдерди белгилейт.
Мыйзам бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү, тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жагындагы алардын укуктарын жана милдеттерин аныктайт.".
4. 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан жана ага ылайык чыгарылган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден (мындан ары - эл аралык келишимдер) турат.".
5. 7-статьянын 3-бөлүгүндөгү "мамлекеттер аралык" деген сөздөр "эл аралык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 9-статьяда:
он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- маданий баалуулуктарды чыгарып кетүү жана алып кирүү маселелерин жөнгө салат;";
он бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
7. 12-статьянын 1-бөлүгүндөгү "мыйзам актылары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 19-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде юридикалык же жеке жак коом үчүн тарыхый, көркөмдүк же башка баалуулуктарга ээ болгон өзүнө таандык мүлккө карата талапка ылайык эмес мамиле жасаса, бул мүлккө зыян келтирүүгө алып келсе, мындай мүлктү коргоо милдеттерине кирген мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менчик ээсине мүлккө карата мындай мамилени токтотуу жөнүндө эскертет.".
9. 20-статьянын 1-бөлүгүндөгү "ЮНЕСКОнун алдындагы Бүткүл дүйнөлүк мурас комитети" деген сөздөр "Бириккен Улуттар Уюмунун бүткүл дүйнөлүк мурастарды сактоо чөйрөсүндөгү бөлүмдөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 22-статьяда:
2-бөлүгүндөгү "ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурас комитетине" деген сөздөр "Бириккен Улуттар Уюмунун бүткүл дүйнөлүк мурастарды сактоо чөйрөсүндөгү бөлүмдөрүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүгүндөгү "эл аралык ченемдердин" деген сөздөр "тарыхый-маданий мурастарды коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 32-статьянын 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Суу каптап кетишине же ландшафтын олуттуу өзгөрүшүнө алып келүүчү курулуш, жол жумуштарын же дың жерлерди өздөштүрүүнү, карьерлерди иштетүүнү же плотиналарды тургузууну жүргүзгөн уюмдар инженердик-издөө жумуштарынын стадиясында жана жерди которууда (трансформациялоодо) ажыратылган аймакта тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендигине археологиялык изилдөө жүргүзүүгө милдеттүү.
Археологиялык изилдөө ушул Мыйзамдын 33-статьясына ылайык белгиленген тартипте ушул статьяда көрсөтүлгөн жумуштарды аткаруучу тапшырыкчылардын эсебинен жүргүзүлөт.
Археологиялык изилдөө жөнүндө корутунду маданият жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашууга жатат.".
12. 41-статьяда:
үчүнчү абзацындагы "бүткүл Дүйнөлүк мурас комитети (ЮНЕСКО)" деген сөздөр "Бириккен Улуттар Уюмунун бүткүл дүйнөлүк мурастарды сактоо чөйрөсүндөгү бөлүмдөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
алтынчы абзацындагы "мамлекеттер ортосундагы" деген сөздөр "эл аралык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. 42-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Ш. Атамбаев |