Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 15-ноябры № 153
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-статья.
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9, 407-ст.) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Преамбуласында:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"продукцияга, анын ичинде имараттарга жана курулмаларга (мындан ары - продукция) жана/же продукцияга карата талаптар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү жана утилдештирүү процесстеринин милдеттүү талаптарын иштеп чыгуу, кабыл алуу, колдонуу жана аткаруу;";
2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзамдын колдонулушу эмгекти коргоо жаатындагы социалдык-экономикалык, уюштуруу, санитардык-гигиеналык, дарылоо-алдын алуу, эмгекти коргоо жаатындагы реабилитациялык чараларга; адамдын жана жаныбарлардын жалпы жугуштуу ооруларын болтурбоо жана жайылып кетүүсүнүн алдын алуу боюнча чараларга; адамдын өмүрү жана ден соолугу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр үчүн карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу зыяндуу организмдердин пайда болуусу, жайылып кетүүсү, медициналык жардам көрсөтүүсү менен байланышкан мамилелерге; ветеринардык жана фитосанитардык кызмат көрсөтүүлөргө (продукцияга, анын ичинде дары-дармек каражаттарына, ветеринардык препараттарга, пестициддерге, агрохимикаттарга, медициналык техникага, тамак-аш продукцияларына карата милдеттүү талаптарды иштеп чыгуу, кабыл алуу жана аткаруу учурларын кошпогондо); жер кыртышын, атмосфералык абаны, курорттордун суу объекттерин, туристтик жана жалпы эс алуу жайларына таандык кылынган суу объекттерин коргоо боюнча чараларга; мамлекеттик билим берүү стандарттарына, бухгалтердик эсеп жөнүндө жоболорго (стандарттарга) жана аудитордук иштин эрежелерине (стандарттарына), баалуу кагаздардын эмиссиясынын стандарттарына жана баалуу кагаздар рыногунда кесиптик иштин стандарттарына, баалоо ишинин стандарттарына жайылтылбайт.".
2. 1-статьяда:
үчүнчү абзацындагы "аны менен байланышкан" деген сөздөр "ага карата коюлган талаптар менен байланышкан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
бешинчи жана алтынчы абзацтарындагы "(жөнөтүүчү)" деген сөз "(чет элдик даярдоочунун расмий өкүлү, сатуучу)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"шайкештикти баалоо - тийиштүү талаптардын аткарылып жаткандыгын тике же кыйыр түрдө аныктоо менен байланышкан иш. Шайкештикти баалоо мамлекеттик көзөмөлдөө, аккредитациялоо, сыноо, ченөө, экспертиза жүргүзүү, каттоо, жактыруу, контролдоо, шайкештигин тастыктоо, курулуп бүткөн объектти кабыл алуу жана пайдаланууга берүү формаларында, ошондой эле алардын айкалыштарында жана башка формада жүргүзүлүшү мүмкүн;";
жыйырма алтынчы абзацындагы "аны менен" деген сөздөр "алар менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
отуз экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"техникалык жөнгө салуу объекттери - продукция, анын ичинде имараттар жана курулмалар жана/же продукцияга карата коюлган талаптар менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү, жумуштарды аткаруу жана кызмат көрсөтүү процесстери;";
отуз төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"шайкештик презумпциясы - эл аралык, региондук, улуттук стандарттарды жана/же эрежелердин топтомун колдонууда техникалык регламенттердин олуттуу (жалпы) талаптарын сактагандык катары каралган жобо;";
статья төмөнкүдөй мазмундагы отуз алтынчы-кырк төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык талаптар - зыяндуу организмдердин, оорулардын, илдеттерди таратуучулардын же оору жуктуруучу организмдердин кирип кетишине, орун алышына же таркап кетишине байланыштуу, анын ичинде алардын жаныбарлардан жана/же өсүмдүктөрдөн жуккан же алар аркылуу таркап кеткен учурда, продукциялар, жүктөр, материалдар, транспорт каражаттары, кошулмалардын болушу менен булгоочу заттар, токсиндер, зыянкечтер, отоо чөптөр, оору жуктуруучу организмдер, анын ичинде тамак-аш азыктары же тоюттар аркылуу жуккан же жайылтылган учурга байланыштуу келип чыккан тобокелдиктерден коргоо максатында белгиленүүчү, аткарууга милдеттүү болгон талаптар жана жол-жоболор, ошондой эле зыяндуу организмдердин таралышы менен байланышкан башка залалдарды болтурбоо максатында белгиленүүчү, аткаруу үчүн милдеттүү талаптар жана жол-жоболор;
продукцияны идентификациялоо - продукциянын мүнөздөмөлөрүнүн анын олуттуу белгилерине окшоштугун белгилөө;
ыйгарым укук берүү - шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча белгилүү бир ишти аткаруу укугу менен шайкештикти баалоо боюнча органды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бөлүп берүү;
ыйгарым укуктуу органдар - шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча белгилүү бир жаатта конкреттүү иштерди жүргүзүүгө ыйгарым укуктары өкүлдөнгөн, үчүнчү жак тарабынан таанылган, юридикалык жак статусуна ээ уюмдар же уюмдун бир бөлүгү (бөлүм же бөлүмчө);
алдын ала улуттук стандарт - Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органы тарабынан бекитилген жана колдонуу мөөнөтү чектелген стандартташтыруу жаатындагы документ;
чет мамлекеттердин эрежелеринин топтому - чет мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан кабыл алынган эрежелердин топтому;
эрежелердин региондук топтому - региондук уюмдар тарабынан кабыл алынган эрежелердин топтому;
ресурстук үнөмдөө - объекттердин жашоо циклинин бардык баскычтарын коштогон жана материалдык чыгымдардын салыштырмалуу туруктуулугунда пайдалуу натыйжалардын көлөмүнүн өсүшүн камсыз кылуучу ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга жана үнөмдүү чыгымдоого багытталган иштер (уюштуруучулук, экономикалык, техникалык, илимий, практикалык, маалыматтык), усулдар, процесстер, уюштуруу-техникалык чаралардын жана иш-чаралардын комплекси. Ал энергия үнөмдөө жана материал үнөмдөө деп бөлүнөт;
энергетикалык натыйжалуулук - бул техниканын жана технологиянын өнүгүүсүнүн учурдагы деңгээлинде жана айлана-чөйрөгө карата талаптарды сактоодо продукцияга, технологиялык процесске, юридикалык жакка, жеке ишкерге карата колдонууда ушундай натыйжаны алуу максатында өндүрүлгөн энергетикалык ресурстарды сарптоолорго карата энергетикалык ресурстарды пайдалануудан алынган пайдалуу натыйжанын мамилесин чагылдыруучу мүнөздөмөлөр.".
3. 5-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Техникалык регламенттер төмөнкүдөй максаттарда кабыл алынат:
жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, жеке же юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттик же муниципалдык мүлктү коргоо;
айлана-чөйрөнү коргоо;
жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жашоосун жана ден соолугун коргоо;
керектөөчүлөрдү адаштырууга алып келүүчү иш-аракеттерди эскертүү;
энергетикалык натыйжалуулукту жана ресурстук үнөмдөөнү камсыз кылуу.".
4. 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Техникалык регламенттер
Техникалык регламенттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары түрүндө кабыл алынат же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилет.
Көп тармактык колдонуусу бар жана/же продукциянын ар кандай түрлөрүнө талаптарды камтыган техникалык регламент мыйзам формасында кабыл алынат.".
5. 7-статьяда:
2-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы "аны менен" деген сөздөр "алар менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-пункттагы "аны менен" деген сөздөр "ага коюлган талаптар менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-пункттун биринчи абзацы "аткарууда же" деген сөздөрдөн кийин "техникалык жана/же" деген сөздөр менен толукталсын.
6. 8-статьяда:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Техникалык регламенттерди колдонуу максатында техникалык регламент продукциянын тизмегин жана/же техникалык жөнгө салуу объекттеринин сүрөттөлүшүн, ушул объекттерге коюлган талаптарды жана аларды идентификациялоо эрежелерин камтууга тийиш. Техникалык регламент тобокелдик даражасын эсепке алуу менен аныкталуучу шайкештикти баалоонун эрежелерин жана формаларын (анын ичинде техникалык регламентте шайкештикти ырастаган схемалар, берилген шайкештик тастыктамасынын жарактуулук мөөнөтүн узартуунун тартиби камтылышы мүмкүн), техникалык жөнгө салуунун ар бир объектке карата шайкештигин баалоонун эң кыска мөөнөттөрүн жана/же терминологияга карата талаптарды камтууга тийиш. Техникалык регламент энергетикалык натыйжалуулуктун жана ресурстук үнөмдөөнүн талаптарын камтууга тийиш.";
2-пунктта:
- биринчи абзацындагы "аны менен" деген сөздөр "алар менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацындагы "белгилениши мүмкүн" деген сөздөр "белгиленет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-пункттагы "аны менен" деген сөздөр "алар менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7-пункттагы "чаралар тиешелүү техникалык регламент кабыл алынганга чейин ушул Мыйзамдын 44-статьясынын 2-пунктуна ылайык колдонулат" деген сөздөр "талаптар тиешелүү техникалык регламент кабыл алынганга чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8. Стандартташтыруу боюнча улуттук орган техникалык регламент күчүнө киргенге чейин кабыл алынган техникалык регламенттин талаптарын сактоону ыктыярдуу негизде камсыз кылуу же техникалык регламенттерди колдонуу жана аткаруу, шайкештикти баалоону жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон изилдөөлөрдүн (сыноолордун), ченөөлөрдүн эрежелерин жана усулдарын, үлгүлөрдүн (сынамдардын) тандоо эрежелерин камтыган эл аралык стандарттардын, ал эми алар болбогон же климаттык, географиялык факторлордун же болбосо техникалык жана/же технологиялык көйгөйлөрдүн таасиринде колдонуу натыйжасыз болгон учурда, региондук жана улуттук стандарттардын тизмегин жана/же эрежелердин топтомун бекитет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий басылмасына жарыялайт жана/же жалпы пайдалануудагы электрондук маалымат тутумуна жайгаштырат.
Стандарттардын жана/же эрежелердин топтомдорунун жогоруда көрсөтүлгөн тизмектерин техникалык регламентти иштеп чыгуучу стандартташтыруу боюнча улуттук орган менен макулдашуу боюнча түзөт.
Эл аралык же региондук жана улуттук стандарттарды жана/же эрежелердин топтомдорун ыктыярдуу негизде колдонуу тиешелүү техникалык регламенттердин талаптарын сактоонун жетиштүү шарты болуп саналат.
Жогоруда аталган стандарттарды жана/же эрежелердин топтомдорун колдонбоо техникалык регламенттердин талаптарын сактабагандык катары бааланышы мүмкүн эмес.
Жогоруда көрсөтүлгөн тизмекке киргизилген стандарттар жана эрежелердин топтомдору беш жылда бир жолудан кем эмес текшерилүүгө, кайра каралып чыгууга жана/же актуалдаштырылууга жатат.".
7. 9-статьянын 6-пунктунун биринчи абзацындагы "техникалык регламенттин долбоорун" деген сөздөрдөн кийин "техникалык регламенттин талаптарын ыктыярдуу негизде сактоону камсыз кылган стандарттардын жана/же эрежелердин топтомдорунун тизмегинин долбоорлору менен бирге" деген сөздөр менен толукталсын.
8. 10-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
9. 11-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-статья. Техникалык регламенттерди кабыл алуунун тартиби
1. Иштеп чыгуучу (тапшырыкчы) техникалык жөнгө салуу боюнча эксперттик комиссиянын корутундусунун негизинде техникалык регламенттин долбоорун макулдашууга жиберет.
Макулдашуу жол-жобосун өткөргөндөн кийин иштеп чыгуучу (тапшырыкчы) техникалык регламенттин долбоорун бардык коштомо документтери менен бирге техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга берет.
Ушул Мыйзамдын 9-статьясында белгиленген техникалык регламенттердин долбоорлорун иштеп чыгуу жол-жобосу сакталбаган учурда, техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган белгиленген жол-жобону аткаруу үчүн техникалык регламенттин долбоорун иштеп чыгуучуга (тапшырыкчыга) кайтарып берүүгө милдеттүү.
2. Техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган техникалык регламенттин долбоорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна жиберет.
Техникалык регламенттин долбоору эксперттик комиссиянын корутундусу, түшүндүрмө каты, аны кабыл алуунун зарылдыгы жөнүндө финансы-экономикалык негиздеме жана пикир келишпөөчүлүктүн тизмеги (алар болсо) менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна жиберилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү техникалык регламенттин долбоорун белгиленген тартипте карап чыгат жана аны бекитүү тууралуу чечим чыгарат. Техникалык регламенттин долбоору мыйзам формасында кабыл алынган учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мыйзам долбоорун жактыруу тууралуу чечим кабыл алат жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберет.
3. Кабыл алынбай калган учурда, ушул Мыйзамдын 9-статьясында белгиленген талаптарга ылайык толуктап иштеп чыгуу жол-жоболорун жүргүзүү же долбоордун үстүнөн иштөөнү токтотуу үчүн техникалык регламенттин долбоору иштеп чыгуучуга (тапшырыкчыга) кайтарылат.
4. Техникалык регламент расмий жарыяланган учурдан тартып алты айдан эрте колдонууга киргизилбейт.".
10. 13-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацындагы "аны менен" деген сөздөр "ага коюлган талаптар менен" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 14-статьяда:
алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"энергетикалык натыйжалуулукту жана ресурстук үнөмдөөнү камсыз кылуу;";
сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ченөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн, ченөөлөрдүн жана сыноолордун натыйжаларынын салыштырмалуулугун камсыз кылуу;".
12. 15-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"техникалык регламенттерге каршы келген стандарттардын колдонууга жол берилбестигине;".
13. 16-статьяда:
биринчи бөлүктө:
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"алдын ала улуттук стандарттар;";
- жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эрежелердин топтому, анын ичинде эрежелердин региондук топтому жана чет мамлекеттердин эрежелеринин топтому;";
2-бөлүгүндөгү "башка өлкөлөрдүн улуттук стандарттары" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле эрежелердин региондук топтому жана чет мамлекеттердин эрежелеринин топтому" деген сөздөр менен толукталсын.
14. 17-статьянын 2-пунктунда:
алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"улуттук стандарттардын, стандартташтыруу боюнча эрежелердин жана сунуштамалардын, эл аралык жана региондук стандарттардын, башка өлкөлөрдүн улуттук стандарттарынын жана алдын ала улуттук стандарттарынын эсебин алууну жүзөгө ашырат жана кызыкдар адамдардын аларга жетүүсүн камсыз кылат;";
онунчу абзац "башка өлкөлөрдүн улуттук стандарттарын" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле эрежелердин региондук топтомун жана чет мамлекеттердин эрежелеринин топтомун" деген сөздөр менен толукталсын.
15. 18-статьяда:
статьянын аталышы "стандарттарды" деген сөздөн кийин "жана эрежелердин топтомдорун" деген сөздөр менен толукталсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-5-бөлүктөр менен толукталсын:
"Техникалык регламенттердин кээ бир талаптарына же техникалык жөнгө салуу объекттерине ылайыктуу эл аралык, региондук жана улуттук стандарттар болбогон учурда, продукцияга же аны менен байланышкан долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү жана утилдештирүү процесстерине карата талаптарды сактоону камсыз кылуу максатында жаңылары иштелип чыгат же мурда кабыл алынган эрежелердин топтому колдонулат, ошондой эле эрежелердин региондук топтому же чет мамлекеттердин эрежелеринин топтому колдонулушу мүмкүн. Эрежелердин топтомуна курулуштук ченемдер жана эрежелер (КЧжЭ), санитардык эрежелер жана ченемдер (СанЭжЧ), фармакопеялар жана фармакопеялык беренелер, техникалык эрежелер же жол-жоболор жана башка документтер кириши мүмкүн.
Эрежелердин топтомдорун иштеп чыгуу жана бекитүү Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдары тарабынан алардын ыйгарым укуктарынын чегинде жүзөгө ашырылат. Эрежелердин топтомунун долбоору аны бекитүү күнүнө чейин эки айдан кечиктирилбестен, электрондук формада жалпы пайдалануудагы маалымат тутумунда жайгаштырылууга тийиш.
Эрежелердин топтому стандартташтыруу боюнча улуттук орган тарабынан белгиленген усулга ылайык иштелип чыгат жана бекитилет.
Эрежелердин региондук топтому жана чет мамлекеттердин эрежелеринин топтому Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук документтери катары стандартташтыруу боюнча улуттук орган тарабынан кабыл алынат.".
16. 21-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"шайкештикти милдеттүү түрдө ырастоону ыктыярдуу сертификациялоо менен алмаштырууга жол берилбестиги;".
17. 25-статьяда:
статьянын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "даярдоочу (жөнөтүүчү)" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "билдирүүчү" деген сөзгө алмаштырылсын;
2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Далилдик материалдардын курамы тиешелүү техникалык регламент менен аныкталат.";
3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Шайкештикти декларациялоодо даярдоочу, чет элдик даярдоочунун же сатуучунун расмий өкүлү билдирүүчү болушу мүмкүн.";
4-пунктта:
- үчүнчү жана тогузунчу абзацтарындагы "(декларанттын)" деген сөз алып салынсын;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи жана он экинчи абзацтар менен толукталсын:
"Арыз ээси кабыл алган шайкештик жөнүндө декларация ушул статьяга ылайык шайкештик жөнүндө декларациянын бирдиктүү реестринде катталууга жатат.
Шайкештик жөнүндө декларациянын бирдиктүү реестрин жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген органдар жүзөгө ашырат.".
18. 27-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Техникалык регламенттин талаптарына шайкештикти милдеттүү баалоону (ырастоону) шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча ыйгарым укуктуу органдар да жүзөгө ашыра алат.
Шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча ыйгарым укуктуу органдарга ыйгарым укук берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
19. 32-статьянын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо төмөнкүдөй максаттарда жүзөгө ашырылат:".
20. 34-статьянын төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
21. 35-статьянын 1-пунктунда:
"аны менен" деген сөздөр "ага коюлган талаптар менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамдын 8-статьясынын 8-пунктунда каралган тартипте тиешелүү техникалык регламенттер үчүн белгиленген изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана ченөөлөрдүн эрежелери жана усулдары пайдаланылат.".
22. 37-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагында сатылууга жараксыз деп табылган продукцияны (товарларды) жок кылуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
23. 39-статьянын аталышындагы "аны менен" деген сөздөр "ага коюлган талаптар менен" деген сөздөргө алмаштырылсын.
24. 44-статьяда:
1-пунктундагы "аны менен" деген сөздөр "алар менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-пунктунда:
1-пунктчада:
- бешинчи абзацындагы "даярдоочу (жөнөтүүчү, сатуучу)" деген сөздөр "билдирүүчү" деген сөзгө алмаштырылсын;
- жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- шайкештик жөнүндө декларация даярдоочулар (жөнөтүүчүлөр) же чет элдик даярдоочулардын расмий өкүлдөрү тарабынан кабыл алынат;";
2-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
5-пунктта:
- биринчи жана экинчи абзацтарындагы "аны менен" деген сөздөр "алар менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Ушул пункттун биринчи абзацында каралган мөөнөт бүткөндөн кийин техникалык регламенттер ушул Мыйзамда аныкталган тартипте иштелип чыгат.".
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Көп тармактуу колдонууга ээ жана/же продукциянын ар кандай түрүнө карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен кабыл алынган талаптарды камтыган техникалык регламенттердин жоболору ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып эки жылдын ичинде колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 12 айлык мөөнөттө:
- өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул Мыйзамдан келип чыккан чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |