Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2014-жылдын 20-ноябры № 157

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 389-статьяда:

1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө" жана "элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтө" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз" жана "эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "онго чейинки эсептик көрсөткүчтө" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында юридикалык жактардын, кызмат адамдарынын жана жеке адамдардын ар кандай иштерди, өндүрүштүк жана дагы башка иштерди жүргүзүү тартибин бузушу -

жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз элүү, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн төрт жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";

4-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

2. 389-1-статьянын экинчи абзацындагы "ондон жыйырмага чейинки" деген сөздөр "отуз" деген сөзгө алмаштырылсын.

3. 389-2-статьяда:

1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "ондон жыйырмага чейинки" деген сөздөр "отуз" деген сөзгө алмаштырылсын;

2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. 389-3-статьяда:

1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "бештен онго чейинки эсептик көрсөткүчтө" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Атамбаев