Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 21-ноябры № 158
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1001-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 2-беренеде:
жыйырма сегизинчи абзацындагы "тизмесине көрсөтүлгөн катталган талапкерлердин саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун" деген сөздөр "талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын тобунун, саясий партиянын, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
отузунчу абзацындагы "9-1 күн" деген сөздөр "9-2 күн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
отуз биринчи абзацындагы "саясий партия, шайлоочулардын тобу тарабынан көрсөтүлгөн" деген сөздөр "саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
отуз экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 6-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Тиешелүү шайлоо комиссиясынын жыйналыштарына төмөнкүлөр катышууга укуктуу:
1) жогору турган шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү;
2) талапкерлер;
3) талапкерлердин өкүлдөрү;
4) шайлоочулардын топторунун өкүлдөрү;
5) талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрү;
6) байкоочулар, эл аралык байкоочулар;
7) жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү.".
3. 7-беренеде:
1-бөлүгүндөгү "талапкерлердин тизмесин көрсөткөн шайлоочулардын тобу, саясий партия (мындан ары - саясий партия)" деген сөздөр "талапкерлерди көрсөткөн саясий партия, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун ишенимдүү адамдары, ошондой эле" деген сөздөр "талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын тобунун, саясий партиянын, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын ишенимдүү адамдары," деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 15-беренеде:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жарандар айылдык кеңештерге өзүн өзү көрсөткөн учурдан тартып, шайлоочулардын топтору ыйгарым укуктуу өкүл аркылуу, саясий партиялар айылдык кеңештерге талапкерлерди көрсөткөн учурдан тартып каттоого документтерди бергенге чейин шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн шайлоо фонддорун түзүүгө укуктуу.
Өзүн өзү көрсөткөн талапкерлерге, ошондой эле айылдык кеңештерге талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын топторуна, саясий партияларга шайлоо фонду түзүлбөгөн учурда, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө, шайлоо алдында үгүт жүргүзүү, башка шайлоо алдындагы иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн акча каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат.
Шаардык кеңешке талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн саясий партиянын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо комиссиясы тарабынан катталгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоо фондун түзөт.
Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон расмий баш тартылган учурда шайлоо фондуна келип түшкөн каражаттар кайрымдуулукту жана которууну жүзөгө ашырган уюмдарга жана адамдарга кайтарылып берилет.
Шайлоочулардын тобу, саясий партиялар тарабынан айылдык кеңештерге көрсөтүлгөн талапкерлер, саясий партия тарабынан шаардык кеңештерге көрсөтүлгөн талапкерлер өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзүүгө укуксуз.";
2-бөлүгүндө:
биринчи абзацындагы "талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар, шайлоочулардын тобу" деген сөздөр "талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын топтору, саясий партиялар, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
16-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндөгү "саясий партия (шайлоочулар тобу) талапкерлердин тизмесин чакыртып алган" деген сөздөр "шайлоочулардын топтору, саясий партия тарабынан өздөрүнүн талапкерлерин чакыртып алган, саясий партия тарабынан талапкерлердин тизмесин чакыртып алган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "кайталап добуш" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "кайра добуш" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 17-берененин 7-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын.
7. 18-берененин 9-бөлүгүндөгү "аларды дайындаган, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн катталган талапкер, саясий партия, шайлоочулардын тобу" деген сөздөр "аларды катталган талапкер деп ыйгарым укук берген талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын тобу, саясий партия, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 24-беренеде:
2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндөгү "талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун" деген сөздөр "талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын топторунун, саясий партиялардын, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндөгү "талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна" деген сөздөр "талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын топторуна, саясий партияларга, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 25-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндөгү "талапкерлердин катталган тизмесин көрсөткөн талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору" деген сөздөр "талапкерлер, талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын топтору, саясий партиялар, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 29-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Добуш берүү үчүн жайда шайлоо комиссиясы стендди жасалгалайт, анда бардык талапкерлер, талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын топтору, саясий партиялар, ошондой эле талапкерлердин тизмесин каттаган саясий партиялар жөнүндө маалыматтык материалдар жайгаштырылат. Көрсөтүлгөн материалдарда үгүт чакырыктары камтылбоого тийиш. Стендде ошондой эле толтурулган шайлоо бюллетендеринин үлгүлөрү жайгаштырылат, аларда бул шайлоо округунда катталган талапкерлердин фамилиялары, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын жана шайлоочулардын топторунун, ошондой эле талапкерлердин тизмесин каттаган саясий партиялардын аталыштары камтылбоого тийиш.".
11. 30-беренеде:
6-бөлүгүндөгү ", шайлоочулардын тобунун" деген сөздөр алып салынсын;
7-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндөгү ", шайлоочулардын топторунун" деген сөздөр алып салынсын;
13-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндөгү "2-1 календардык күн калганда" деген сөздөр "(2 календардык күн калганда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14-бөлүгүндө:
экинчи сүйлөмүндөгү "шайлоочулар тобу" деген сөздөр алып салынсын.
расмий тилдеги текстинин үчүнчү сүйлөмүндөгү ", группе избирателей" деген сөздөр алып салынсын.
12. 31-беренеде:
1-бөлүгүнүн расмий тилдеги текстиндеги "досрочного" деген сөздөн кийин "голосования" деген сөз менен толукталсын;
4-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндөгү "саясий партиялардын," деген сөздөрдөн кийин ", шайлоочулардын топторунун" деген сөздөр менен толукталсын;
13-бөлүгүндөгү ", шайлоочулардын тобуна" деген сөздөр алып салынсын.
13. 32-беренеде:
1-бөлүгүндөгү "9-1 күн" деген сөздөр "9-2 календардык күн" деген Сөздөргө алмаштырылсын;
4-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндөгү "талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун" деген сөздөр "талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын топторунун, саясий партиялардын, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
14. 33-берененин 5 жана 9-бөлүктөрүндөгү "шайлоочулардын топторунун, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын" деген сөздөр "талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын топторунун, саясий партиялардын, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
15. 36-берененин 12-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндөгү "добуштарды кайра эсептөө жүргүзүү талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун өкүлүнүн же байкоочунун түздөн-түз катышуусу жана алар үчүн өз көздөрү менен көрүп контролдоо мүмкүнчүлүгүн түзүү астында кайрадан эсептелет" деген сөздөр "шайлоо бюллетендеринин добуштары талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун же байкоочулардын өкүлдөрү тарабына өз көздөрү менен көрүп контролдоо мүмкүнчүлүгүн берүү менен участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан кайрадан эсептелет" деген сөздөргө алмаштырылсын.
16. 43-берененин 1-бөлүгүндөгү "талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар, шайлоочулардын топтору" деген сөздөр "талапкерлерди көрсөткөн шайлоочулардын тобу, саясий партия, ошондой эле талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия" деген сөздөргө алмаштырылсын.
17. 44-берененин 3-бөлүгүнүн 2-пунктундагы "же шайлоочулардын тобу" жана ", шайлоочулардын тобунун" деген сөздөр алып салынсын.
18. 49-беренеде:
3-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы ", шайлоочулардын тобу" деген сөздөр алып салынсын;
берене төмөнкүдөй мазмундагы "3-1-бөлүк менен толукталсын:
"3-1. Шайлоочулардын тобу мажоритардык система боюнча шайлоо боюнча ар бир көп мандаттуу шайлоо округу боюнча, ошол округ боюнча белгиленген мандаттардын санынан ашпаган талапкерлерди көрсөтүүгө укуктуу.";
5-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндөгү "өз чечиминде жана талапкерлердин түзүлгөн тизмесинде" деген сөздөр "талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө өз чечиминде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7-бөлүгүндө:
"Райондук жана", "шайлоочулардын топтору" деген сөздөр алып салынсын;
мамлекеттик тилдеги текстиндеги "шаардык" деген сөз "Шаардык" деген сөзгө алмаштырылсын;
9-бөлүгүндө:
", шайлоочулардын тобу" деген сөздөр алып салынсын;
"же көп мандаттуу шайлоо округу боюнча көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси" деген сөздөр "боюнча көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси же көп мандаттуу шайлоо округу боюнча саясий партия, шайлоочулардын тобу тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
мамлекеттик тилдеги текстиндеги "комиссиясынын" деген сөз "комиссиясына" деген сөзгө алмаштырылсын;
расмий тилдеги текстиндеги "представляется" деген сөз "представляются" деген сөзгө алмаштырылсын.
19. 50-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндөгү ", шайлоочулардын тобунун", ", шайлоочулар тобуна" деген сөздөр алып салынсын.
20. 51-берененин 2-бөлүгүндөгү "аныктагандан" деген сөз "жарыялагандан" деген сөзгө алмаштырылсын.
21. 52-беренеде:
1-бөлүгүнүн 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
4-бөлүгүндөгү ", шайлоочулардын топторунун" деген сөздөр алып салынсын.
22. 61-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер өзүн өзү көрсөткөн учурдан тартып, ошондой эле шайлоочулардын топтору, саясий партиялар талапкерлерди көрсөткөн учурдан тартып, ушул Мыйзамдын 15-беренесинде белгиленген тартипте шайлоо кампаниясын финансылоо үчүн шайлоо фонддорун түзүүгө укуктуу.".
2-берене.
(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |