Загрузка документа…
КР 2018-жылдын 6-августундагы N 87 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 25-декабры № 162
«Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
«Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (2006-жылдын 8-августундагы № 58 «Эркин Тоо» гезити) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 1-статьяда:
2-пункт «ушул Мыйзамга» деген сөздөрдөн кийин «, Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына, 2010-жылдын 5-июлундагы Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акча инструменттерин жеке жактар тарабынан которуунун тартиби жөнүндө келишимге, 2011-жылдын 19-декабрындагы Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана/же акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимге» деген сөздөр менен толукталсын;
3-пункт «жүзөгө ашырышкан» деген сөздөрдөн мурда «, Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу акча каражаттарын жана/же акчалай инструменттерди которууну» деген сөздөр менен толукталсын.
2. 2-статьяда:
он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«акча каряжаттары - Бажы бирлигине мүчө мамлекеттерде же чет мамлекеттерде (чет мамлекеттердин топторунда) жүгүртүүдө болгон жана мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналган, анын ичинде жүгүртүүдөн алынган же алынып жаткан, бирок жүгүртүүдөгү акча белгилерине, ошондой эле электрондук акчаларга алмаштырылууга тийиш болгон баалуу металлдардан жасалган тыйындарды кошпогондо, банкнота жана казыналык билеттер, тыйындар түрүндөгү акча белгилери;»;
статья төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
«акча инструменттери - жол чектери, векселдер, чектер (банк чектери), ошондой эле мындай төлөм жүргүзүлүп жаткан жак көрсөтүлбөгөн акча каражаттарын төлөө боюнча эмитенттин (карызкордун) милдеттерин күбөлөндүрүүчү документардык формадагы баалуу кагаздар;».
3. III глава төмөнкүдөй мазмундагы 51-статья менен толукталсын:
«51-статья. Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акчалай инструменттерди которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү
Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу жеке жактар тарабынан накталай акча каражаттарын жана/же акчалай инструменттерди которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына, 2010-жылдын 5-июлундагы Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу акча каражаттарын жана/же акча инструменттерин жеке жактар тарабынан которуунун тартиби жөнүндө келишимге, 2011-жылдын 19-декабрындагы Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана/же акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимге жана ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат.».
2-берене.
Ушул Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Ш. Атамбаев |