Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 25-декабры № 165
"Озон катмарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
''Озон катмарын коргоо жөнүндө'" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 11, 974-ст.) төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статья төмөнкү мазмундагы он биринчи - он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"корлор - товарлар:
кор бөлүктөрдү жана жабдууларды кошпогондо, деңиз (дарыя) кемелерин, ички сүзүү кемелерин, "дарыя - деңиз" сүзүү кемелерин, суу астындагы канаттары бар кемелерди, аба жаздыгы бар кемелерди жана чакан кемелерди, анын ичинде өзү жүрүүчү жана өзү жүрбөгөн лихтерлер менен баржаларды (мындан ары - суу кемелери), аба кемелерин жана поезддерди бара жаткан жолдо же арадагы токтотуучу жайларда же болбосо токтотуучу жерлерде ойдогудай пайдаланууну жана техникалык тейлөөнү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон;
суу кемелеринин, аба кемелеринин бортундагы жүргүнчүлөр менен экипаждардын мүчөлөрү жана бул корлор сатыла тургандыгына же жоктугуна карабастан поезддерде жүргүнчүлөр жана поезд бригадаларынын кызматкерлери тарабынан керектөө үчүн арналган;
суу кемелеринин, аба кемелеринин жүргүнчүлөрүнө жана экипаждарынын мүчөлөрүнө ал кемелердин бортунда көрсөтүлгөн корлорду керектөө максаты болбостон сатуу үчүн арналган.".
2. 4-статья төмөнкү мазмундагы жетинчи - он биринчи абзацтар менен толукталсын:
"озон катмарын коргоо жагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;
озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияны Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү же Бажы бирлигине мүчө мамлекеттин аймагына Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып кетүү үчүн корутундуларды (уруксат документтерин) берүүнүн тартибин жана шарттарын, ошондой эле ал корутундулардын (уруксат документтеринин) колдонулушун токтотуунун тартибин жана шарттарын белгилейт;
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык озонду бузуучу заттарды керектөөнүн эң жогорку көлөмүн жана аларды пайдаланууну кыскартуунун же токтотуунун мөөнөттөрүн белгилейт;
озон катмарынын мониторингин жүргүзүүнүн жана анын маалыматтарын пайдалануунун тартибин белгилейт;
юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тарабынан озонду бузуучу заттарды керектөөнүн эсебин жүргүзүүнүн тартибин, ошондой эле озонду бузуучу заттарды камтыган жабдууларды жана техникалык түзүлүштөрдү түгөлдөөнү жүргүзүү тартибин аныктайт;".
3. Мыйзам төмөнкү мазмундагы 91-статья менен толукталсын:
"91-статья. Бажы бирлигинин алкагында озонду бузуучу заттарды жана озонду бузуучу заттарды камтыган продукцияны ташуу
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2012-жылдын 16-августундагы № 134 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 1.1- жана 1.2-бөлүмдөрүнүн эскертүүлөрүндө көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, Евразия экономикалык коомдоштугунун алкагында үчүнчү өлкөлөр менен соодада Бажы бирлигине мүчө өлкөлөр ташып келишине же ташып кетишине тыюу салуулар же чектөөлөр колдонулган Товарлардын бирдиктүү тизмегинин 1.1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияны Бажы бирлигинин бажы аймагына ташып келүүгө жана Бажы бирлигинин бажы аймагынан ташып кетүүгө тыюу салынат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө Келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |