Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
МЫЙЗАМ
2014-жылдын 29-декабры № 168
2014-жылдын 25-июнунда Сауд Арабиясы Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын отосундагы Ош-Баткен-Исфана автомобиль жолун кайра конструциялоо долбоору боюнча (№KYR-0048 долбоору) насыялык макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2014-жылдын 25-июнунда Сауд Арабиясы Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын отосундагы Ош-Баткен-Исфана автомобиль жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча (№KYR-0048 долбоору) насыялык макулдашууну ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министирлиги Ислам өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Ш. Атамбаев |