Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛАКСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 30-декабры № 172
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2019-жылдын 24- апрелиндеги № 52 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 3, 279-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "шериктештигинин" деген сөз "бирлигинин" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. 8-статьядагы "Жогорку Кеңеши" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөзгө алмаштырылсын.
3. 9-статьядагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу боюнча" деген сөздөр алып салынсын.
4. Көрсөтүлгөн Мыйзамдын 1-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2015-жылдын 1-январына чейин:
- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл ченемдик актыларды кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |