Загрузка документа…
КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛАКСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 29-декабры № 171
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 758-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-беренеде:
берене төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Санитардык-карантиндик контроль - адамдын ден соолугу үчүн потенциалдуу коркунуч келтирген продукцияларды (товарларды) ташып келүүнүн, жугуштуу жана жапырт жугуштуу эмес ооруларды (ууланууларды) алып келүүнүн, пайда болуусунун жана жайылып кетишинин алдын алуу максатында адамдарга, транспорт каражаттарына жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) контроль алдындагы мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрмө пункттарындагы, мамлекеттер аралык өткөрүүчү темир жол станцияларындагы же кошулган станциялардагы продукцияларга (товарларга) карата мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн (контролдун) түрү.";
берене төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
"Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгы - жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун адамга зыяндуу таасири болбогон жана анын жашоо-тиричилигинин жагымдуу шарттары камсыз кылынганда калктын саламаттыгынын, адамдын жашоо чөйрөсүнүн абалы.".
2. 4-берененин 1-бөлүгүнүн жетинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан" деген сөздөр алып салынсын.
3. 5-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-берене. Коомдук саламаттык сактоо адистерин даярдоо
Коомдук саламаттык сактоо адистерин даярдоо жана аларды даярдоонун сапатын башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.".
4. 15-берененин 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен нормативдерге" деген сөздөр "калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгы жагындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 16-беренеде:
1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен ченемдерге жана эрежелерге" деген сөздөр "калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгы жагындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
мамлекеттик тилдеги тексттин 2-бөлүгүндө "саламаттык сактоо" деген сөздөр "билим берүү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 17-берененин 1, 2 жана 4-бөлүктөрүндө "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 18-берененин үчүнчү абзацында "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ченемдик укуктук актыларына ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 19-беренеде:
1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен ченемдер менен эрежелерге" деген сөздөр "калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгы жагындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-5-бөлүктөр менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарда санитардык-карантиндик контроль киргизилет.
Кыргыз Республикасынын аймагына коркунучтуу жүктөрдү жана товарларды алып келүү атайын жабдылган жана бул максаттар үчүн арналган өткөрмө пункттарда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жүзөгө ашырылат. Мындай өткөрмө пункттардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоону жүзөгө ашыруунун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.''.
9. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 19-1-берене менен толукталсын:
"19-1-берене. Санитардык-эпидемиологиялык экспертизалар, териштирүүлөр, текшерүүлөр, изилдөөлөр, сыноолор
Санитардык-эпидемиологиялык экспертизалар, териштирүүлөр, текшерүүлөр, изилдөөлөр, сыноолор мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары тарабынан, төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
- жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун адамга зыяндуу таасирин белгилөө жана алдын алуу;
- жугуштуу оорулардын жана жапырт жугуштуу эмес оорулардын (уулануулардын) пайда болушунун жана жайылып кетишинин себептерин жана шарттарын белгилөө жана мындай оорулардын (уулануулардын) пайда болушунун жана жайылып кетишинин кесепеттерин баалоо.
Санитардык-эпидемиологиялык экспертизаларды, териштирүүлөрдү, текшерүүлөрдү, изилдөөлөрдү, сыноолорду өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
10. 20-беренеде:
мамлекеттик тилдеги текстинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр жана "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
расмий тилдеги текстинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө "уполномоченным государственным органом Кыргызской Республики в области здравоохранения" деген сөздөр "Правительством Кыргызской Республики" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке" деген сөздөр "калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгы жагындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 21-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21-берене. Чектөө иш-чаралары (карантин)
Жугуштуу оорулардын пайда болуу жана жайылып кетүү коркунучу болгондо чектөө иш-чаралары (карантин) киргизилет.
Чектөө иш-чараларын (карантинди) киргизүүнүн жана жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
12. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 22-1-берене менен толукталсын:
"22-1-берене. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгы
Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгы төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:
- санитардык-эпидемиологиялык абалга жана анын өзгөрүү болжолуна ылайык оорулардын алдын алуу;
- санитардык-эпидемияларга каршы (алдын алуу) иш-чараларды аткаруу;
- жеке, юридикалык жактардын жана кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген техникалык регламенттерди, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана гигиеналык ченемдерди сактоосун контролдоо;
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгын камсыз кылууну мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө;
- документтердин, имараттардын, курулмалардын, жайлардын, жабдуулардын, транспорт каражаттарынын, айлана жана өндүрүштүк чөйрө объекттеринин техникалык регламенттерге, анын ичинде санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) жаткан товарларга карата Бажы бирлигинин жана Бирдиктүү санитардык-эпидемиологияпык жана гигиеналык талаптарга ылайыктуулугу же ылайыксыздыгы боюнча санитардык-эпидемиологиялык экспертизалар;
- адам үчүн коркунуч келтире турган химиялык жана биологиялык заттарды, продукциялардын айрым түрлөрүн, радиоактивдүү заттарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына биринчи ирет анын келинүүчү продукциялардын айрым түрлөрүнүн мамлекеттик каттоо;
- социалдык-гигиеналык мониторингди камсыз кылуу:
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгын камсыз кылуу жанындагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- жугуштуу оорулардын, жапырт уулануулардын жана жугуштуу эмес оорулардын пайда болуусу, жашоо чөйрөсүнүн абалы жана алдын ала жүргүзүлүүчү санитардык-эпидемияга каршы иш-чаралар жөнүндө калкка өз убагында маалымдоо;
- жугуштуу оорулардын, эпидемиялардын тез башталып кетишин, адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучтуу авариялардын, табигый кырсыктардын, өзгөчө кырдаалдардын, кыйроолордун кесепеттерин жоюу үчүн эпидфонд резервдерин түзүү;
- калкты гигиеналык окутуу жана тарбиялоо жана сергек жашоо ыңгайын пропагандалоо боюнча иштерди жүргүзүү;
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгы жагындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартуу.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзамдын 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө Келишим мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирүүчү 1-берененин 1-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтарын, 8-пунктунун экинчи-бешинчи абзацтарын жана 9-пунктун кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |