Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 100 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛАКСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 30-декабры № 178
Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы
Кыргыз Республикасында тышкы экономикалык иштин бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын жүзөгө ашыруу, статистикалык эсепке алууну жана статистикалык маалымат алмашууну жүргүзүү үчүн Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү Товардык номенклатурасы колдонулат.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыялоого жатат жана 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |