Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛАКСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 31-декабры № 179
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-беренеде:
4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Тышкы соода чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү тышкы соода ишин жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Евразия экономикалык бирлигинин лицензиялоо чөйрөсүндөгү укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык белгиленет.";
берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Евразия экономикалык коомдоштугунун алкагында үчүнчү мамлекеттер менен соодада Евразия экономикалык бирлигинин катышуучу-мамлекеттери тарабынан ташып келүүгө же ташып кетүүгө тыюу салуулар же чектөөлөр колдонулган товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды ташып келүүгө, ташып кетүүгө, транзитине карата Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык, тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жана чектөөлөр колдонулат.".
2. 9-беренеде:
1-пунктунун "б" пунктчасында "мамлекеттик ресурстарды пайдалануу" деген сөздөрдөн кийин "жана тышкы соода ишин жүзөгө ашыруу" деген сөздөр менен толукталсын;
2-пунктунун "б" пунктчасында "11," деген цифра алып салынсын;
5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) иштин көлөмү жана укуктардын жыйындысы боюнча (товарларды экспорттоодо жана импорттоодо):
а) башкы лицензиялар;
б) бир жолку лицензиялар;
в) өзгөчө лицензиялар".
3. 15-берененин 57-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"57) тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү куралдардын жана аскер техникасынын, ошондой эле аскердик багыттагы башка продукциялардын импорту, экспорту;".
4. 17-беренеде:
1, 7, 16, 17 жана 36-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
12-пункттагы ", ташып келүү, ташып чыгаруу" деген сөздөр алып салынсын;
35-пункттагы "Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгаруу," деген сөздөр алып салынсын.
5. 20-берененин 5-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүндө:
"Эгерде" деген сөздөн мурда "Ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 36-пункту жана 17-беренесинин 11-пункту менен каралган лицензияларды жана уруксаттарды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
мамлекеттик тилдеги текстинде "Эгерде" деген сөз "эгерде" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө Келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |