Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛАКСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 31-декабры № 180
"Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-статья.
"Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 102-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толукталсын:
"Жекече детективдик ишмердик менен иштөөгө төмөнкү жаран укуксуз:
1) юридикалык билими жок же жекече тыңчы катарында иштөө үчүн атайын даярдыктан өтпөгөн же болбосо оперативдик жана тергөө бөлүкчөлөрүндө үч жылдан кем иш стажы болгон;
2) психикалык оорусу, алкоголизм же баңгилик боюнча саламаттык сактоо органдарынын эсебинде турган;
3) соттолгондугу жоюлганына же алынганына карабастан соттуулугу бар.
Жекече детективдик ишмердик менен иштөөгө талапкер жаран Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарында жекече ишкер катары мамлекеттик каттоодон өтүүгө милдеттүү.".
2. 4-1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-1-статья. Жекече детективдик ишкана
"Жекече детективдер юридикалык жактын статусуна ээ болгон жекече детективдик ишканаларды түзө алышат. Алардын жетекчилери үчүн жогорку юридикалык билимдин, укук коргоо органдарынын оперативдүү жана тергөө бөлүкчөлөрүндө үч жылдан кем эмес иш стажынын болушу милдеттүү талап болуп саналат. Жетекчилердин категорияларынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Соттолгондугу жоюлганына же алынганына карабастан, соттуулугу бар адам жекече детективдик ишкананын жетекчиси боло албайт.".
3. 5-статьянын 4 жана 5-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.
4. 9-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
5. 10-статьянын 1-бөлүгүнүн 9-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
6. 12-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жекече детектив (жекече детективдик ишкана) өзүнүн ар бир кардары менен кызмат көрсөтүүлөргө жазуу жүзүндө келишим түзүүгө милдеттүү, анда келишим түзүүчү тараптар жөнүндө маалыматтар, тапшырманын мазмуну, анын аткаруунун мөөнөтү, кызмат көрсөтүүлөр үчүн акчалай чыгымдардын жана гонорарлардын болжолдуу суммасы, тараптардын жоопкерчилигинин чаралары, келишимдин түзүлгөн датасы чагылдырылууга тийиш.".
7. 13-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
8. 14-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-статья. Күзөт чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр
Ушул Мыйзамдын 3-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө саналган кызмат көрсөтүүлөр, аларды аткаруу үчүн атайын уюшулган ишканаларга гана уруксат берилет.
Жекече күзөт ишканасынын укуктук статусуна ээ болгон юридикалык жактар өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактар болуп саналат.
Ишканалардын күзөт ишмердиги тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик күзөткө жаткан объекттерге жайылтылбайт. Күзөт ишканаларына менчик ээлеринин мүлкүн кайтаруу түрүндө кызмат көрсөтүүгө, ошондой эле жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген техникалык жана башка каражаттарды, оперативдүү радио жана телефон байланыш каражаттарын пайдаланууга уруксат берилет.
Кызмат өтөөдө табелдик ок атуучу куралды алып жүрүүгө жана сактоого укук берилген, жогорку билими, адистештирилген күзөт кызматтарында, укук коргоо органдарынын оперативдүү, тергөө жана алдын алуу бөлүкчөлөрүндө беш жылдан кем эмес иш стажы бар адам күзөт ишканасынын жетекчиси боло алат. Жетекчилердин категорияларынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
Күзөт ишканаларынын жетекчилерине, ошондой эле ушул Мыйзамдын 3-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө саналган кызматтарды көрсөтүүчү күзөтчүлөргө күзөт ишин мамлекеттик кызмат же болбосо коомдук уюмдардагы акы төлөнүүчү шайлануучу кызмат орду менен айкаштырууга уруксат берилбейт.
Соттолгондугу жоюлганына же алынганына карабастан соттуулугу бар адам күзөт ишканасынын жетекчиси боло албайт.
Күзөтчүлөрдүн куралдарынын түрлөрү, сатып алуунун, эсепке алуунун, сактоонун жана алардын курал алып жүрүүсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жөнгө салынат.
Күзөт ишмердигине ушул Мыйзамдын 10-статьясы менен белгиленген чектөөлөр жайылтылат.
Кайтаруудагы менчикке укукка каршы кол салуу жасаган адам укук бузган жеринде күзөтчү тарабынан кармалат жана ички иштер органына өткөрүлүп берилет.".
9. 14-1-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
10. 14-2-статьянын 2-бөлүгүндө:
4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) соттолгондугу жоюлганына же алынганына карабастан соттуулугу барлар;";
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) күзөтчү катары иштөө үчүн атайын даярдыктан өтпөгөндөр же болбосо укук коргоо органдарында үч жылдан кем иш стажы барлар.".
11. 15-2-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Детективдик жана күзөт ишмердигин жүзөгө ашыруучу кадрларды атайын даярдоодон өткөрүүнүн, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун, ошондой эле окутуунун программасын иштеп чыгуунун, ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн мекемелерди лицензиялоонун тартиби жана алардын ишмердигин контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү тартипте жүзөгө ашырылат.".
12. 16-статьяда:
3-бөлүгүндө "Лицензияга ээ болгон жекече детективдер" деген сөздөр "Жекече детективдер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-бөлүгүндө:
мамлекеттик тилдеги текстинде "лицензиядан ажыратууга, ошондой эле" жана "башка" деген сөздөр алып салынсын;
расмий тилдеги текстинде "лишение лицензии, а также иную" деген сөздөр алып салынсын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |