Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛАКСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2014-жылдын 31-декабры № 181
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
156-1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"156-1-статья. Жазык ишин козгоодон баш тартуу
Жазык ишин козгоодон баш тартканда, даттануунун тартибин түшүндүрүү менен токтомдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү арыз берүүчүгө жиберилет. Кабыл алынган чечим тиешелүү кабарландыруу алынган учурдан тартып жети күндүк мөөнөттө арыз берүүчү тарабынан көзөмөлдөөчү прокурорго же сотко даттанылышы мүмкүн.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш.Атамбаев |