Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
МЫЙЗАМ
2014-жылдын 31-декабры № 185
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 224-берененин 5-пункту «материалдык ресурстардын беримдерин жүзөгө ашыруучу,» деген сөздөрдөн кийин «ошондой эле товар алмашуу (бартердик) онерациясын жүргүзүү жолу менен төлөөнү жүзөгө ашыруучу» деген сөздөр менен толукталсын.
2. 270-берененин 3-бөлүгүнүн 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2.- берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин жоболорунун колдонулушу 2014-жылдын 1-апрелинен тартып келип чыккан салыктык укук мамилелерине жайылтылары белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Ш. Атамбаев |