КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
МЫЙЗАМ
2015-жылдын 16-январы № 14
2013-жылдын 24-октябрында Минск шаарында кол коюлган Бажы бирлигинин бажы аймагы боюнча баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун алып өтүү тартиби жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө
1-берене.
2013-жылдын 24-октябрында Минск шаарында кол коюлган Бажы бирлигинин бажы аймагы боюнча баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун алып өтүү тартиби жөнүндө макулдашууга кошулсун.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп саналган Евразия экономикалык комиссиясына (ЕЭК) кошулуу жөнүндө грамотаны белгиленген тартипте депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө Келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Ш. Атамбаев |