Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 12-январы № 07
1976-жылдын 10-декабрында Женева шаарында кол коюлган Табигый чөйрөгө таасир берүү каражаттарын аскердик же башка кастык менен пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу
1-берене.
1976-жылдын 10-декабрында Женева шаарында кол коюлган Табигый чөйрөгө таасир берүү каражаттарын аскердик же башка кастык менен пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө конвенцияга кошулсун.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 1976-жылдын 10-декабрында Женева шаарында кол коюлган Табигый чөйрөгө таасир берүү каражаттарын аскердик же башка кастык менен пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |