Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 12-январы № 08
2014-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек шаарынын автомобиль жолдорун реабилитациялоо жана кайра конструкциялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2014-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек шаарынын автоунаа жолдорун реабилитациялоо жана кайра конструкциялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасы тарабынан көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |