Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2015-жылдын 22-январы № 24
2014-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарын жол-эксплуатациялык техника менен жабдуу долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2014-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарын жол-эксплуатациялык техника менен жабдуу долбоору боюнча гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Япония Эл аралык кызматташтык агенттигине (JICA) Кыргыз Республикасы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |